2021-жылдын 12-август саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
132 просмотров

12-август күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй, Талас, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Баткен, Жалал-Абад облустарынын жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Чүй облусу

Чүй облусунун аймагында жаан-чачындын аздыгына, дарыялардагы суунун деңгээли нормадан төмөн болгондугуна байланыштуу кургакчылык болуп, эгин талааларын сугат суу менен камсыздоо маселеси көтөрүлгөн. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу кургакчылыктын кесепетин алдын алуу, материалдык чыгымдарды азайтуу максатыда КР Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2021-жылдын 24-июнунда №7 “Өзгөчө кырдаал режиминде иш алып баруу” жөнүндө буйругу чыгарылып, Чүй бассейндик суу чарба башкармалыгына, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү тапшырмалар коюлган. 

Жалал-Абад облусу

Жалал-Абад шаары. 2021-жылдын 11-август күнү саат 11:11де Көк-Арт кичи районунун Промзона тилкесинде жайгашкан 2 кабаттуу сарайдан (кошара) өрт чыккан. Жабыркагандар жок. Болжол менен 2320ч.м. күйгөн.

Тартылган күч жана каражаттар: КР ӨКМнин Жалал-Абад шаардык №58 ӨКБдан 1 бөлүм, Сузак райондук №65 ӨКБдан 1 бөлүм, Жалал-Абад шаардык №20 ӨКБдан 1 бөлүм, Сузак райондук №59 ӨКБдан 1 бөлүм, Жалал-Абад шаардык №20 ӨКБдан 1 бөлүм жана ШТАБ . Мындан сырткары Жалал-Абад шаардык “Кыргызнефтегаз” ишканасынан 1 суу ташуучу унаа, Жалал-Абад шаардык жашылдандыруу ишканасынан 1 суу ташуучу унаа, суу чарба башкармалыктан 4 суу ташуучу унаа, ИИМден 11 кызматкер, тез жардам кызматынан 1 бригада, РЭТтен 1 бригада тартылган.

Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар: тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 12:19да чектөөгө алынып, саат 00:08де толук өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда. 

Баткен облусу

Лейлек району. 2021-жылдын 19-июль күнү саат 16:05те, 3-август күнү саат 17:40та жана 6-август күнү саат 16:20 чамасында кайталанып жааган жамгырдын кесепетинен бир аймакта сел жүрүп,

Лейлек а/а, Ак-Терек айылында жайгашкан 11 турак үйдүн ичине суу кирип, 20 турак үйдүн короолорун каптаган. 3000м ички чарбалык унаа жолдорго, 5000м ички чарбалык арыктарга жана 3000м сел өтүүчү сайга кум шагылдар толгон.

Тартылган күч жана каражаттар: КР ӨКМнен 1 экскаватор.

Аткарылган иш-чаралар: 650м сел өтүчү сай (1350м3) тазаланды, 3000м ички чарбалык жолдон 1200м тазаланды (1080м3), 5000м ички чарбалык арыктан 800м (400м3) тазаланды.

  11-август күнү 200м сайдын ички бети бекемделди (1370м3)

Катраң а/а, Катраң айылында 17 турак үйдүн ичине суу кирип, 23 турак үйдүн огороддорун каптаган. 2500м ички чарбалык унаа жолдорго, 2500м ички чарбалык арыктарга кум шагылдар толгон. Мындан сырткары Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 318, 320-чакырымын сел суулары каптап, Катраң-Өзгөрүш ички чарбалык жолунун айрым жерлерин жана Самат-Замборуш-Жаркыштак ички чарбалык жолунун 30м жерин сел каптаган, жол каттамы ачык.

Тартылган күч жана каражаттар:  Катраң а/а  1 жүктөгүч, 1 самосвал №13 ЖТИден 1 грейдер, 1 жүктөгүч, 1самосвал, жергиликтүү тургундардан 30 адам.

Аткарылган иш-чаралар: 4-август күнү Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 318, 320-чакырымдары, Катраң-Өзгөрүш ички чарбалык жолу, Самат-Замборуш-Жаркыштак ички чарбалык унаа жолдору толук тазаланган.

7-август күнү Ак-Терек айылында 4 турак үйдүн ичи (44м3), 500м сел өтүүчү сай, 1 турак үйдүн короосу (1860м3) тазаланган. Катраң айылында 6 турак үйдүн ичи, 4 турак үйдүн огороду (372м3) тазаланган.

8-август күнү Ак-Терек айылында 2 турак үйдүн ичи, 500м сел өтүүчү сай тазаланган. Катраң айылында 2 турак үйдүн ичи, 2 турак үйдүн огороддору тазаланып, 500м ички чарбалык жол калабына келтирилген.

9-август күнү 17 турак үйдүн ичи толугу менен тазаланып бүттү (372м3), 500м ички чарбалык жол калабына келтирилген (400м3).

10-август күнү 150м сайдын ички бети бекемделди (1350м3)

11-август күнү 400м ички чарбалык арыктар тазаланды (520м3)

 Тогуз-Булак а/а.  2021-жылдын 5-август күнү саат 16:00дө жана 6-август күнү саат 16:20 чамаларында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен сел өтүүчү сайдан сел жүрүп, Тогуз-Булак айылында  2500м аралыктагы ички чарбалык унаа жолду, 2500м ички чарбалык арыктарды кум шагылга толтуруп, 1 турак үйдүн короосун, болжол менен 20га үлүш жерди каптап, 2 баш кой-эчкини агызып кеткен. Миӊ-Жыгач айылында 2000м ички чарбалык унаа жол, 2200м ички чарбалык арыктар кум шагылга толгон. Айбийке айылында 1000м ички чарбалык арык, 1600м ички чарбалык унаа жол кум шагылга толуп, КР ӨКМ тарабынан 2021-жылы “АААжКЖ”  иш мерчеминин негизинде Карой тилкесинде орнотулуп жаткан габион торчолордун 10м аралыгы жараксыз абалга келген.

Тартылган күч жана каражаттар: жок

Аткарылган иш-чаралар: 7-август күнү тартылган техниканын жардамында 500м ички чарбалык арыктар, 1500м  ички чарбалык унаа жол тазаланган. 8-август күнү иш-чаралар жүргүзүлгөн жок.

9-август күнү 2500м ички чарбалык жол тазаланып жумуш аяктады, 800м ички арык тазаланды (300м3).

10-11-август күндөрү иш-чаралар жүргүзүлгөн жок.

Баткен району. Суу-Башы а/а, 4-август күнү Боз-Адыр айылында 2019-жылы ӨКМдин “АААжКЖ” иш-чарасы менен аткарылган 2115м сел өтүүчү сайдын 400м аралыгы жана сугат суу менен камсыз кылуучу ички каналдын 85м кум шагылга толгон. Боз-Адыр айылынын кире беришинде 2020-жылы “АААжКЖ” иш-чарасы менен аткарылган 300м коргоо тосмону толук сел алып кетип, 2 турак үйгө кооптуу абал жаралган. Кожешкен дарыясына сел суулары кошулуп, Ширеш тилкесинин сол жак жээгин жана 40 сотых үлүш жерди жерип экинчи коргоо тосмого коркунуч жаратууда. Боз-Адыр айылында 3,8 га эгин аянтын сел жууп кеткен. Кара-Токой айылында Б.Мергенов орто мектебинин жана Кара-Токой бала-бакчанын короосуна,  2 турак үйдүн жер төлөөсүнө сел суулары кирип, 4 га эгин талаасын, 720м ички чарбалык жолду каптаган. Бөжөй айылында 1 чакырым ички чарбалык жолго кум шагыл толгон.

         Тартылган күч жана каражаттар: жеке менчик 1 экскаватор, 1 жүктөгүч.

   Аткарылган иш-чаралар: Айгүл-Таш-Согмент унаа жолунун 300м аралыгы тазаланган. Сары-Талаа айылында 100м ички чарбалык арыктар тазаланган.

         6 август күнү Күнгөй-Там тилкесинен 150м ички чарбалык жол толук тазаланып бүттү. Дөлтө-Сай тилкесиндеги 200м сел өтүүчү сайдын 100м жери тазаланган. Айгүл-Таш-Согмент унаа  жолунун 199-211 чакырым аралыгынын бузулган жерлери толук тазаланган. Боз-Адыр  айылындагы  сугат  суу  менен  камсыз  кылуучу  ички  каналдын  85м  (21м3) толук тазаланган. Боз-Адыр  айылынын  кире беришинде 2020-жылы АААжКЖ иш-чарасы  менен аткарылган  300м (75м3) коргоо  тосмонун 100м тазаланды. Сары-Талаа айылында ички  чарбалык  арыктын 100м (25м3) толук тазаланып бүттү. Кан айылында ички  чарбалык  арыктардын  1 чакырым (250м3) жеринин 150м жери тазаланды.

     7-август күнү Айгүл-Таш-Согмент унаа жолу толук тазаланып бүткөрүлгөн. Жаңы-Коргон тилкесинде 1 чакырым унаа жол тазаланган. Кара-Токой айылында жер төлөөлөргө, короолорго жана ички чарбалык жолго кирген сел суулар толук тазаланып бүткөрүлгөн. Кан айылында 10 турак үйдүн короолору толук тазаланып бүткөрүлгөн. Бөжөй айылында 1 чакырым ички чарбалык жол толук тазаланып бүткөрүлгөн.

         8-август күнү Булун тилкесинде 100м ички чарбалык арыктар, Кан айылында 600м ички чарбалык арыктар тазаланды. Боз-Адыр айылында 70м коргоо тосмо калыбына келтирилди. Согмент айылында 150м сел өтүүчү сай тазаланды (жалпы 1950м тазаланды).

         9-август күнү Согмент айылында 300м сел өтүүчү сай тазаланды (жалпы 2250м тазаланды). Кан айылында ички чарбалык арыктардын 1км жери толук тазаланып жумуш бүткөрүлдү (6800м/куб). Дара а/а боюнча калыбына келтирүү иштери толук бүткөрүлдү.

         10-август күнү Согмент айылындагы сел өтүүчү сай толугу менен тазаланып бүттү 2600м. Боз-Адыр айылында коргоо тосмонун (ААжКЖИ 2020-ж. ӨКМ тарабынан) 300м аралыгы тазаланды. Ошол эле айылда коргоо тосмонун (ААжКЖИ 2019-ж. ӨКМ тарабынан) 300м аралыгы тазаланды.

         10-август күнү Согмент айылындагы сел өтүүчү сай толугу менен тазаланып бүттү 2600м. Боз-Адыр айылында коргоо тосмонун (ААжКЖИ 2020-ж. ӨКМ тарабынан) 300м аралыгы тазаланды. Ошол эле айылда коргоо тосмонун (ААжКЖИ 2019-ж. ӨКМ тарабынан) 300м аралыгы тазаланды.

         11-август күнү Боз-Адыр айылында коргоо тосмонун (ААжКЖИ 2020-ж. ӨКМ тарабынан) 300м (2040м3) толугу менен тазаланып бүттү. Ошол эле айылда коргоо тосмонун (ААжКЖИ 2019-ж. ӨКМ тарабынан) 100м (396м3) тазаланып, иш-чаралар толугу менен аяктады.

Ысык-Көл облусу 

2021-жылдын 30-июль күнү катуу жааган жандын кесепетинен Ак-Суу, Тоң, Жети-Өгүз, Ысык-Көл  райондорунда жана Каракол, Балыкчы шаарларында сел жүрүп, турак үйлөр, ички чарбалык унаа жолдор, эгин талаалар, суугат каналдар жабыркаган.

Жалпы Ысык-Көл облусу боюнча зыян келтирилген: 347 турак жайдын короолору анын ичинен 72 турак жайдын ичине сел агындылары толуп, 2 турак үй авариялык абалга, 2 турак үй жашоого жараксыз абалга келип, ички чарбалык арыктар, ички чарбалык жолдор кум шагылдарга толгон.

Ысык-Көл облусу боюнча жалпы тартылган күч каражаттар: КР ӨКМнен 1  жүктөгүч, Кумтөр ишканасынан 1 бульдозер, 1 экскаватор, облустук суу чарба башкармалыгынан 1 бульдозер, 1 камаз, райондук суу чарба башкармалыгынан 1 экскаватор, 5 адам, а/а 1 жүктөгүч, 1 бульдозер 8 кызматкер,  жергиликтүү тургундардан 10 адам. Жалпы 8 техника, 23 адам.

Облус боюнча аткарылган иш чаралар: Турак үйлөр жана короо жайлар тазаланып бүттү. Унаа жолдорду, арыктарды тазалоо жана калыбына келтирүү, дарыянын нугун буруу, бекемдөө иштери жүргүзүлгөн.

Тоң району. Улахол а/а. 2021-жылдын 30-июль күнү саат 04:35 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 34-35 (Жылгынды-Коо тилкеси), 60-65-чакырым (Кескен-Бел тилкеси) аралыктарын каптаган. Ошондой эле Оттук айылында 320 турак үйдүн короолорун анын ичинен 64 турак үйдүн ичине сел суусу кирип, 3 турак үй авариялык абалга келген (анын ичинен 1 турак жашоого жараксыз). Кара-Талаа айылында 200м канал кумга-шагылга толуп анын ичинен 30м латок жараксыз абалга келген. Кара-Шаар айылында 1 турак үйдү сел каптаган. Балыкчы-Бөкөнбаев унаа жолунун 34-35 чакырымынын (Жылгынды-Коо тилкеси) 1 чакырым жерин сел  каптаган.

Көк-Мойнок а/а. Ак-Өлөн айылында “Ак-Кырчоо” каналынын 5 чакырым аралыгы жараксыз абалга келип, 4 турак үйгө суу кирген.

Тартылган күч каражаттар  а/а 1 жүктөгүч,  5 кызматкер,  райондук суу чарба кызматынан 1 экскаватор,

Жалпы 2 техника, 5 адам.

Аткарылган иш чаралар: 30-июль күнү Күн-Чыгыш а/а караштуу Туздуу көлгө барган унаа жол тазаланып ачылган. Оттук айылында 14 турак үй тазаланып, Ак-Өлөң айылында 4 турак үй жана Кара-Шаар айылында 1 турак үй жергиликтүү тургундар тарабынан тазаланган. Ал эми Оттук айылында калган 306 турак үйлөрдү, короо жайларды жана огороддорду тазалоо жагы жергиликтүү бийликке жана тургундарга милдеттендирилген.

31-июль күнү Ак-Өлөң айылында 800м ички чарбалык унаа жол тазаланган. КР ӨКМнин 30.07.2021-ж. №637 буйругунун негизинде убактылуу мобилдик турак үй бөлүнүп, жерине жеткирилип берилген. Оттук айылында 3100м ички чарбалык жолдор тазаланган.

1-август күнү Ак-Өлөң айылында ички чарбалык унаа жолдордун 1100м жана 40м лоток тазаланган.

2-август күнү Оттук айылынын ички чарбалык унаа жолдорунун 500 метр аралыгы сел калдыктарынан тазаланган.

4-5-август күнү иш-чаралар жүргүзүлгөн жок.

6-август күнү Оттук айылындагы 1500м ички чарбалык жолдор калыбына келтирилген.

7-август күнү Оттук айылында 2300м ички чарбалык жолдор тазалан.

8-август күнү Оттук айылында 1900м ички чарбалык жолдор тазаланды.

9-август күнү Оттук айылында 1500м ички чарбалык жолдор тазаланды.

10-август күнү Оттук айылында 1700м ички чарбалык арык тазаланды.

11-август күнү Оттук айылында 1400м ички чарбалык арык тазаланды.

Жети-Өгүз району. Кызыл-Суу а/а. 2021-жылдын 30-июль күнү саат 04:35 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп Кызыл-Суу айылында Чон-Кызыл-Суу суусунун денгээли көтөрүлүп, жээгинде жайгашкан турак үйлөргө жана 2 адам өтүүчү асма көпүрөнү алып кетүү коркунучун жаратып, ички чарбалык унаа жолдорду сел суулары каптаган. Чон-Кызыл-Суу айылынан 3,5 чакырым өйдө карай Чон-Кызыл-Суу суусунун денгээли көтөрүлүп, ички чарбалык жолдун болжол менен 50-60 метр аралыгын толугу менен суу жеп кеткен. Аталган унаа жолдо 8 турист (2 унаа менен) өтө албай калышкан. Мындан сырткары Чон-Кызыл-Суу айылында ички чарбалык жолду суу жеп кетип 2-август күнү тартылган техниканын жардамында жол эки тараптуу ачылган.

Жети-Өгүз а/а Жети-Өгүз курортунан 2-3 чакырым ылдый Жети-Өгүз суусунун денгээли көтөрүлүп, агып келген тал-теректер суу бөлүштүргүчтөргө тыгылып, суу жээгинен чыгып, ички чарбалык жолду жана Жети-Өгүз-Кой-Сары унаа жолдун 2-чакырымында болжол менен 10 метр аралыгын жана 4-чакырымында болжол менен 300 метр аралыгын толугу менен суу жеп кеткен. Ошондой эле Көк-Жайык жайлоосуна баруучу Конкин-Жети-Өгүз-Телти унаа жолунун 24-30 чакырым аралыгын кум-шагылга толтуруп, ички чарбалык унаа жолдогу 1 көпүрөнү авариялык абалга алып келген. Мындан тышкары Ак-Кочкор жана Чырак айылдарында ӨКМдин АААжКЖ иш мерчеминин негизинде жасалган дамбаны жууп кеткен. Ошондой эле кароосуз калган 1 үйдү суу агызып кеткен.

Саруу а/а. Саруу айылында Жууку суусунун деңгээли көтөрүлүп, 1 көпүрөнү жууп кеткен.

Тартылган күч каражаттар:  Кумтөр ишканасынан 1 бульдозер, 1 экскаватор, а/а 5 кызматкер, облустук суу чарба башкармалыгынан 1 бульдозер, 1 КАМАЗ, райондук суу чарба башкармалыгынан 1 бульдозер, 3 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 10 адам.

Жалпы 5 техника, 18 адам.

 Аткарылган иш чаралар: 31-июль күнү Кызыл-Суу а/а ички чарбалык унаа жолдор толук тазаланып бүткөрүлгөн.

1-август күнү унаа жолдорду тазалоо жана дарыянын жээктерин бекемдөө иштери жүргүзүлгөн.

2-август күнү унаа жолдорду тазалоо жана дарыянын жээктерин бекемдөө иштери жүргүзүлгөн.

3-август күнү унаа жолдорду тазалоо иштери жүргүзүлгөн.

4-август күнү Чоң-Кызыл-Суу айылында “Кунан-Чабыш” тилкесинде Чоң-Кызыл-Суу суусундагы унаа өтүүчү көпүрө бекемделди. Сайдын нугун 350м аралыгы тазаланып, жээктери бекемдөө иштери жүргүзүлдү. Жети-Өгүз айылынын Казан-Пак тилкесиндеги Жети-Өгүз суусунун 350м нугу тазаланып, жээктери бекемделди, Кайырма каналынын 80м калабына келтирилди. Ак-Кочкор айылында Жети-Өгүз суусунун 300м жээги бекемделди. Көк-Жайык жайлоосуна баруучу унаа жолу калыбына келтирилди.

5-август күнү унаа жолдорду тазалоо жана дарыянын жээктерин бекемдөө иштери жүргүзүлгөн.

6-август күнү унаа жолдорду тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлгөн.

7-август күнү унаа жолдорду тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлгөн.

8-август күнү Жети-Өгүз-Кой-Сары унаа жолунун 300м аралыгы тазаланды, Конкин-Жети-Өгүз-Телти унаа жолунун 200м аралыгы калыбына келтирилди, Кайырма каналынын 100м тазаланды жана Чырак айылында суунун нугу буруу иштери жүргүзүлдү.

9-август күнү  Чырак  айылынын турак үйлөрүнө суу каптоо коркуну бар  тилкесин  сайдын суунун нугун буруу тазалоо, оңдоп калыбына келтирүү, “Кайрыма” каналынын суу жеп кеткен аралыктарын оңдоп, бекемдеп, калыбына келтирүү жана Жети-Өгүз айылынын түштүк тарабындагы башкы суу бөлүштүрүүчү гидротехникалык курулмасын  оңдоп, бекемдеп, калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

10-август күнү  Жети-Өгүз  айылынын турак үйлөрүнө суу каптоо коркуну бар  тилкесин  сайдын суунун нугун буруу тазалоо, оңдоп калыбына келтирүү, “Кайрыма” каналынын суу жеп кеткен аралыктарын оңдоп, бекемдеп, калыбына келтирүү жана Жети-Өгүз айылынын түштүк тарабындагы башкы суу бөлүштүрүүчү гидротехникалык курулмасын  оңдоп, бекемдеп, калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Чырак айылында суунун нугун буруу иш-чаралары 3000м аралыкта аткарылды.

11-август күнү  Чоң-Кызыл-Суу суусунун 50м жээгин бекемделген. Ошондой эле  Жети-Өгүз  айылынын турак үйлөрүнө суу каптоо коркуну бар  тилкесин  сайдын суунун нугун буруу тазалоо, оңдоп калыбына келтирүү, “Кайрыма” каналынын суу жеп кеткен аралыктарын оңдоп, бекемдеп, калыбына келтирүү жана Жети-Өгүз айылынын түштүк тарабындагы башкы суу бөлүштүрүүчү гидротехникалык курулмасын  оңдоп, бекемдеп, калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ак-Суу району. Теплоключенко а/а. 2021-жылдын 30-июлунда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Ак-Суу суусунун деңгээли көтөрүлүп, жээктерин жеп, Заря кооперативине тиешелүү нан бышыруучу имаратынын  электр мамычаларынын түбүн жеп 1 даана көмөк чордонду суу агызып кеткен. Заря кооперативинин картошка сактоочу жайдын жанындагы 1 көпүрөнү суу каптап, жарактан чыккан. Үч Кошкон суу бөлүштүрүүчү жайдан суу ашып таза суу түтүгүнө агып кирген.

Ак-Булун а/а. Ак-Булак жана Токтогул айылындарындагы Түргөн, Жыргалан суусунун деңгээли көтөрүлгөнүнө байланыштуу калктуу конуштарды каптап кетүү коркунучу жаралган. Ошондой эле Ак-Булун, Ак-Булак айылдарына караштуу 118га үлүш жерлерин суу каптап,  Жыргалан суусунун 800м жээгин суу жеп кеткен.

Бөрү-Баш а/а. Бөрү-Баш айылынын түштүк чыгыш тарабында 2021-жылы АААжКЖ (СПЛМ) иш мерчеминин негизинде жасалган 500м тосмонун  2 жеринен суу жеп эски нугуна түшүп, жакын жашаган турак үйлөргө бара турган жолду жеп баштаган.

Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана калктын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Ак-Суу РМАнын башчысы-акимдин 2021-жылдын 30-июлундагы №269-Т тескемесинин негизинде Ак-Суу районунун аймагына «Өзгөчө кырдаал» режими киргизилген.

Аткарылган иш чаралар: Тартылган техникалардын жардамында Үч Кошкон суу бөлүштүрүүчү жайдан таштандылар тазаланып, электр мамычалары орнотулуп, электр энергиясы калыбына келтирилген. Заря коперативинин картошка сактоочу жайдын жанындагы көпүрөсүн жана Сыдыкбеков менен Дзержинский кѳчѳлѳрүн кошкон унаа ѳтүүчү копүрѳлѳрүнүн жээктерине 18 каттам шагыл-таштар түшүрүлгөн. Мындан сырткары Ак-Суу суусунун эрозия учураган жээктеринде бекемдөө иштери жүргүзүлгөн.

1-август күнү жээк бекемдөө иштери жүргүзүлгөн.

3-август күнү Ак-Булуң айылындагы Түргөн суусунун нугун буруу иштери жүргүзүлгөн. Ички чарбалык арыктын 700 м аралыгы, сугат каналынын 110 м аралыгы тазаланган.

4-август күнү Ак-Суу суусунун жээктери бекемдөө иштери жүргүзүлгөн.

5-11-август күндөрү тазалоо иш-чаралары жүргүзүлгөн жок.

Каракол шаары. 2021-жылдын 30-июль күнү саат 04:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен, Каракол суусунун денгээли көтөрүлүп, тегерегинде жакын жайгашкан турак үйлөрдү каптап кетүү коркунучу пайда болгонуна байланыштуу, 27 турак үйдүн ээлерин коопсуз жайга көчүрүлгөн (үйлөрүнө келишкен). Мындан сырткары “Ривер парк” эс алуучу жайын суу каптап, жөө адамдар өткөн 1 көпүрө авариялык абалга келип,  1 турак үйдүн сарайынын дубалын суу жеп, урап калган жана 6 турак үйгө жогорку чыңалуудагы электр мамычаларына коркунуч жаралып, 2021-жылы АААжКЖ (СПЛМ) иш мерчеминин негизинде жасалган 200м тосмону жууп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана калктын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Каракол шаарынын мэринин 2021-жылдын 31-июлундагы тескемесинин негизинде шаардын аймагына «Өзгөчө кырдаал» режими киргизилген.

Тартылган күч каражаттар: КР ӨКМнен 1 экскаватор.

Аткарылган иш чаралар: 31-июль күнү тартылган техникалардын жардамында суунун нугун буруп, бекемдөө иштери жүргүзүлгөн. Мындан сырткары суунун деңгээли жогору болгондуктан, жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында ИИМ кызматкерлери кооптуу тилкелерде күзөткө коюлган.

1-август күнү суунун нугундагы таштандылар тазаланды. 1 турак үйдүн асты бекемделди.

2-август күнү суунун нугундагы таштандылар тазаланды.

3-август күнү Каракол суусунун жээгин бекемдөө иштери жүргүзүлүп, таза суу түтүкчөлөрү алмаштырылган.

4-август күнү электр мамычалар жана Ривер-Парк эс алуучу жайында 30м суу түтүкчө калабына келтирилди. Бөрү-Баш көчөсүндө арык казылган.

5-август күнү Бөрү-Баш көчөсүндө суунун нугун буруу иштери жүргүзүлүп 200 метр арык оңдолду жана Токтогул көчөсүндө 100 метр канал бекемделди.

6-7-август күндөрү Токтогул көчөсүндө 130 метр каналдын жээги бекемделди.

8-август күнү Каракол суусунун 100м жээги бекемделди.

          9-август күнү  иш-чаралар жүргүзүлгөн жок.Убактылу токтотулган.

          10-август күнү Ривер Парктын каналдын 100м жээги бекемделди.

         11-август күнү Ривер Парктын каналдын 100м жээги бекемделди.

Ысык-Көл району. Тору-Айгыр айылында жааган жаандын кесепетинен болжол менен  6 турак үйдүн короолорун каптаган.

         Тартылган күч каражаттар: КР ӨКМнин ӨК ААжКЖ Департаментинин (ДПЛЧС) 1 жүктөгүч техникасы.

         Аткарылган иш чаралар: Келген агын суулардын нугу бурулуп, мотопомпа менен турак үйлөрдүн короолору тазаланып бүткөн. 9-август күнү Тору-Айгыр а/а Тору-Айгыр айылында күн-батыш тарабындагы Тору-Айгыр дарыясынын нугун тазалоо жана жээктерин бекемдөө иштерин КР ӨКМнин ӨК ААжКЖ Департаментинин (ДПЛЧС) 1 бирдик погрузчик техникасы жүргүзүүдө. Болжол менен 130 метр жери тазаланып, жээктери бекемделди.

         10-август күнү Тору-Айгыр айылында дарыянын 420м жери тазаланды.

         11-август күнү Тору-Айгыр айылында дарыянын 3800м жери тазаланды. Жалпы 800м жери тазаланып, бекемделип иш-чаралар толук аяктады.

I.Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

II.Биологиялык социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III.Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Сутка ичинде республиканын аймагында 27 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 34 бөлүм тартылган (Бишкек шаарында 7, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 7, Талас облусунда 1, Баткен облусунда 1, Нарын облусуда 2, Жалал-Абад облусунда 8 өрт кырсыгы катталган).

 

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9

10

11

Бишкек шаары

1.                3-ӨКБ

1 б

1 12:26 12:30 12:42 12:54 13:20   Биринчи Май району, Абдрахманов көчөсү, 70 ч. м. куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
2.                3-ӨКБ

1 б

1 15:13 15:20 15:30 15:35 16:06   Свердлов району, Элебесов көчөсү, ачык аянтта 90 ч.м. куураган чөп күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
3.                6-ӨКБ

1 б

1 16:04 16:09 16:17 16:22 16:33   Биринчи Май району, Ден-Сяопина менен Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишинде таштанды таштоочу контейнерде таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
4.                7-ӨКБ

1 б

1 20:40 20:50 жеткенге чейин 21:08   Свердлов району, Көлбаев көчөсү, ачык аянтта куураган чөптөн чыккан өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.
5.                4-ӨКБ

1 б

8-ӨКБ

1 б

1 22:43

 

22:43

22:49

 

22:46

жеткенге чейин 23:18

 

23:04

101 Ленин району, Чүй менен Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде турак үйдөн  чыккан өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.
6.                3-ӨКБ

1 23:58 00:03 жеткенге чейин 00:42   Свердлов району, Суюнбаев көчөсү, көмөк чордонунун зымдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.  

Ош шаары

7.                12-ӨКБ

1 б

1 21:50 21:53 22:13 23:15 23:38 112 Курманжан-Датка көчөсү, гараждын ичинде 15 ч.м. таштанды менен үй буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Чүй облусу

8.                7-ӨКБ

1 б

1 10:47 10:57 11:15 12:30 13:15   Сокулук району, Жогорку Восточная айылы, ачык аянтта 500 ч.м. куураган чөп менен камыш күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
9.                22-ӨКБ

1 б

1 13:09 13:15 13:35 14:15 14:22   Жайыл району, Кара-Балта айылы, Чапаев көчөсү, жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 50 ч.м. чатыры, 20 түк саман жана 50 түк чөп күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
10.           8-ӨКБ

1 б

1 13:30 13:42 жеткенге чейин 14:30   Аламүдүн  району,  Степное айылы, Айланма жол менен Васильевский тракттын кесилишинде “Тайота RAF-4” үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.
11.           5-ӨКБ

1 б

7-ӨКБ

1 б

 

1 14:20

 

14:30

 

14:52

15:12 15:48 14:43

 

16:32

101 Аламүдүн району, Беш-Күнгөй айылы, Центральный көчөсү, ачык аянтта 1500 ч.м.  куураган чөп, 3 даана дарааткана жана 5 жыгач терезе күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
12.           15-ӨКБ

1 б

 

1 16:28 16:40 16:50 17:12 17:27   Москва району, Беловодское айылы, Красина көчөсү, гаражтын ичинде 16 ч.м. үй буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
13.           8-ӨКБ

1 б

 

1 21:48 жеткенге чейин 22:00 101 Аламүдүн району, Маевка айылы, Тепличная көчөсү, ачык аянтта куураган чөптөн чыккан өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.
14.           23-ӨКБ

1 00:40 00:46 00:47 00:55 01:17   Сокулук району, Сокулук айылы, Фрунзе көчөсү, ачык аянтта 3 ч.м. куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
15.           2-ӨКБ

1 02:45 02:50 03:09 04:12 04:36   Аламүдүн району, Ак-Жар конушу, Нулевая көчөсү, аянты 30 ч.м. курулуш вагон толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Талас облусу

16.           100-ӨКБ

1 б

1 20:34 жеткенге чейин 21:15   Манас району, Покровка айылы, жол жээгинде күйүп жаткан аунаа бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.

Жалал-Абад облусу

17.           58-ӨКБ

1 б

65-ӨКБ

1 б

20-ӨКБ

1 б

1 б

59-ӨКБ

1 б

штаб

1 11:11

 

11:20

11:21

11:58

11:37

11:19

 

11:38

11:27

12:10

12:10

 

 

12:19 00:08 00:07

 

 

23:35

 

23:51

 

02:35

21:41

  Жалал-Абад шаары, жыгач устундуу тунуке менен жабылган эки кабаттуу сарайдын 2320 ч.м чатыры, 2000 түк чөп жана 6000 түк саман күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ
18.           55-ӨКБ

1 б

1 12:05 12:28 12:31 13:09 13:58   Ноокен району, Кочкор-Ата шаары, Кочкор-Ата санаториясынын короосунда аянты 1,5 га куураган чөп күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда.    1ствБ
19.           81-ӨКБ

1 б

1 15:15 15:24 15:27 17:33 17:52   Чаткал району, Каныш-Кыя айыл аймагы, Багыш айылы, короодо жыйылган 700 түк чөп күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
20.           30-ӨКБ

1 б

1 17:45 17:59 18:04 20:52 21:24   Аксы району,  Назаралиев айыл аймагы, Кызыл-Жар айылы, ачык аянтта жыйылган 480 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
21.           83-ӨКБ

1 б

1 19:55 20:03 20:13 20:58 21:15   Майлуу-Суу шаары, Ленина көчөсү, ачык аянтта 75 ч.м. куураган чөп күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
22.           46-ӨКБ

1 22:41 22:59 23:02 23:25 23:54   Тогуз-Торо району, Атай айыл аймагы, Көк-Арт тилкеси, Бишкек-Ош  унаа жолунда “Ауди-100” маркасындагы жеңил автоунаа толук күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
23.           70-ӨКБ

1 23:07 23:58 00:25 00:42 03:38   Аксы району, Кашка-Суу айыл аймагы, Ак-Сай тилкеси, жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 165 ч.м чатыры толугу менен, 1000 түк чөп жана 230 түк саман күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ
24.           20-ӨКБ

1 23:51 23:58 23:59 00:14 00:35   Жалал-Абад шаары, Эркиндик көчөсү, турак үйдүн бөлмөсүндө дубалдын ичинде 1 даана жыгач сынчы (стойка) менен кагаздар күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. кол каражат м-н

Нарын облусу

25.           45-ӨКБ

1 б

1 17 :00 17:05 17:08 17:28 17:55   Ат-Башы району, Ат-Башы айылы, Чатыр-Көл  көчөсү, короодогу 7 ч.м курулуш чарба жана 3 муздаткыч, 1 нан бышыргыч күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
26.           47-ӨКБ

1 б

1 18:10

18:15

18:13

18:20

19:00 20:56 21:14

21:14

101 Ак-Талаа району,  Баетов айылы, Д. Ашырбаев, короодо жыйылган 200 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: тамеки тартуудагы этиятсыздык. 2ствБ

Баткен облусу

27.           75-ӨКБ

1 05:22 05:40 06:06 06:57 07:40   Кадамжай району, Марказ айыл аймагы, Гульпиян айылы, Бак тилкеси, жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 32 ч.м. чатыры жана 1 тонна чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

 

Куткаруу кызматтары тарабынан  2 чыгуу болгон (1 аарынын уюгун алуу, 1 жол кырсыгы).

катар №

Аймак боюнча чыгуу саны Бөлүктүн аталышы Убактысы Маалымат берилген булак  

Дареги, маалыматы, өзгөчө кырдаалдын

келип чыгуу себеби, келтирилген материалдык чыгымдар

Эскертүү
чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

ордуна кайтып келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8

9

 Бишкек шаары

1 1 КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматы 15:00 15:33 16:35   Свердлов районунда куткаруучуларга Буденый көчөсүндө жайгашкан №51 Мектеп Гимназиясынын бөлмөсүндө аарынын уюгу бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 5 куткаруучу тартылып, аарынын уюгун алып беришкен.  

Жалал-Абад облусу

3 1 КР ӨКМнин

№55 ӨКБ

21:48 21:52 23:24   Ноокен районунда Бишкек-Ош унаа жолунун 530-чакырымында MAZDA менен  НOWO унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктын кесепетинен 1985-ж.т. Д. Э. аттуу эркек адам каза болгон. Жерине 3 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.  

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here