Бишкек: Биздин каарман

0
36 просмотров

Куткаруучу — бул чыдамкайлык, эрдик жана кесипкөйлүүлүк, ошондой эле куткаруу үчүн өзүн курмандыкка чалууга даяр. Куткаруучулар кимдер? Алардын кызматына өзгөчөлүгү эмнеде?

Бул жөнундө, ӨКМнин куткаруу кызматынын, улук папорщик куткаруучусу Абдраев Эржан Турусбекович айтып бермекчи.

“КЫЗМАТ УЧУРУНДА БАШЫМАН ӨТКӨН ОКУЯЛАРДЫ АЙТЫП БЕРҮҮ МЕН ҮЧҮН БИР ЖАГЫНАН КАЙГЫЛУУ”

-Куткаруучу кесибинин өзгөчөлүгү эмнеде?

Куткаруучу бул кесип эле эмес, бул адамдыын ички дүйнөсү. Ошондуктан ар бир чакыруу мен үчүн маанилүү жана жоопкерчиликтүү. Куткаруучу ар кандай чакырууга даяр болуш керек! Көпчүлүк учурда жол кырсыгына кабылган жаранды куткарууга чыгабыз. Ошол учурда медицина кызматкерлери келгенге чейин аларга биринчи медицинлык жардам көрсөтөбүз. Себеби, оор кырсык маалда биринчи медициналык жардам гана көпчүлүк учурда адамдын жанын сактап калат. Эгер ошол адамдардын өмүрүн сактап калууга аз да болсо салымынды кошсоң, ошондо гана өзүңдү чыныгы куткаруучумун деп айта аласын. Мен үчүн куткаруучу деген сөз өзү ыйык. Өзгөчө сыймыктуу, ары татаал болгондуктан кандай гана кырдаал болбосун аны жеринде ыкчам аракеттерди көрүүгө даяр болуусу керек.

Көпчүлүк учурда чакыруулар психологиялык жактан жардам, же болсобо жашы улгайып калган адамдарга жардам берүү боюнча да кайрылуулар түшөт. Ар бир түшкөн чакырууда майнаптуу иш кылдыкпы, бүгүн мен бир жанды сактап калдымбы деп өзүмө суроо берем. Азыркы учурда эмнелер гана болбойт карыган ата-энесин жалгыз бир үйгө таштап коюшат. Ошол учурда ата апаларыбыз телефондун туткасын көтөрүп үйүнүн дарегин айтканга араң ооздору барат. Биз атайын топ менен барып ал карыянын ал ахвалын сурап, керектүү жардамын берип керек болсо батасын алып келебиз. Кызмат учурунда башыман өткөн окуяларды айтып берүү мен үчүн бир жагынан кайгылуу, ошол эле учурда куткаруу кызматына сыймыктануу сезими бар.

“КУТКАРУУЧУЛАР БЕКЛИП КАЛАГАН ЭШИКТИ ЖӨН ГАНА АЧА БЕРБЕЙТ”

Куткаруучунун атайын эрежелери болобу?

Нөөмөттө көпчүлүк учурда барган чакырууларда терезеден чыгууга туура келет. Бул үчүн атайын шаймандар керектелет. Анкени көпчүлүк жарандардын кошуналары кайрылышат. Борбор калаада көбунчө эшик бекилип калган боюнча чакыруулар түшөт. Алардын көбү улгайган адамдар, майыптар жана жаш балдар бекилип калганы боюнча чакыруулар. Мындай окуялар жөн эле жаран эмес мендей аскер адамынын жүрөгүн оорутат деп ойлойм. Шаар тургундары көптөн бери үйүнөн чыга элек же эшигин ачпай жатат деп тынчсызданышат. Учурдан пайдалып эскерте кетсем куткаруучулар бекилип калган эшикти жөн гана ача бербейт. Биз, аймактык тескөөчүлөрдүн, туугандарынын же кошуналарынын (өздүк документтери) уруксааты менен гана ача алабыз.

Чакуруулар мезгилге жараша бөлүнөбү?

Албетте, мисалы жай мезгилинде көпчүлүк чакыруулар сууга чөгүү боюнча катталууда. Буга себеп ата-энелер балдарын кароосуз калтырышканы, жарандардын ичимдик ичип сууга түшкөнүнө же жөнөкөй кокустукка байланыштуу болот.

Абдраев Эржан жигердүү аткарган кызматы үчүн 2021-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын «Ардак грамотасы»менен сыйланган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here