Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды

0
48 просмотров

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 23-август күнү саат 03:01де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Чоң-Алай районунун Кара-Тейит, Карамык айылдарында 3 балл жана Шибээ айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала алынган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here