АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин аскер атташеси менен жолугушуу

0
43 просмотров

Бүгүн, 2021-жылдын 26-августунда, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин аскер атташеси Кейт Д.Макки баштаган делегация менен жолугушту.

Жолугушуунун негизги максаты — Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин муктаждыктары үчүн 3 750 000 сом өлчөмүндө жеке коргоого каражат которуу.

Тараптар ошондой эле эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты, анын натыйжасында төмөнкү багыттардагы кызматташтыкты калыбына келтирүү чечими кабыл алынды;

— тоолуу шарттарда авариялык-куткаруу иштерин аткаруу боюнча куткаруучулардын квалификациясын жогорулатуу, сууга түшүү, радиациялык-химиялык жана бактериологиялык коргоо жаатында кадрларды даярдоо;

— өрт -куткаруу бөлүктөрүнүн кесиптик чеберчилигин өнүктүрүү үчүн биргелешкен тактикалык жана атайын машыгууларды өткөрүү;

— IMET билим берүү программасын жаңыртуу (тоого даярдык жана кышкы суук мезгилиндеги аман калуу боюнча курстар, жарандык-аскердик мамилелер боюнча жана тилдерди үйрөнүү боюнча курстар).

Жолугушуунун жыйынтыгында, кызматташтыкты кеңейтүү максатында, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу чөйрөсүндө КР ӨКМ менен Монтана штатынын Улуттук гвардиясынын ортосунда Меморандумга кол коюу менен укуктук базаны түзүү боюнча макулдашууга жетишилди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here