VIII — Эл аралык суучулдар тренинги жыйынтыкталды

0
45 просмотров

Бүгүн, 2021-жылдын 26 -августунда, Чолпон -Ата шаарында, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдар кызматынын Окуу — тарбия комплексинин базасында, кезектеги VIII — эл аралык тренингинин жыйынтыктоочу аземи болуп өттү. Иш -чара Эл аралык Жарандык Коргонуу Уюмуна мүчө мамлекеттердин куткаруу кызматтарынын өкүлдөрүнүн тажрыйбасын жогорулатуу максатында өткөрүлду.

Эл аралык тренингдин жабылуу аземи Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урмат Шамыркановдун жана ӨКМдин Суучулдар кызматынын башчысы — майор Эрнест Жусуповдун жетекчилиги астында өттү.

Аттестациянын жыйынтыгы боюнча эл аралык тренингдин катышуучуларына «Жеке суучул китеби» жана тренингден өткөндүгү тууралуу сертификат тапшырылды. Эскерте кетсек, жогоруда аталган сыйлыктар ЭЖКУга мүчө болгон бардык өлкөлөрдө эл аралык деңгээлде таанылуу.

Жыйнтыктоочу иш-чарада суучулдар ЭЖКУнун катчылыгынын кеңсесине жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилигине тренингдерге катышууга мүмкүнчүлүк түзүп бергенине ыраазычылыгын билдиришти.

Армениядан келген катышуучу Арутюн Арутюняндын айтымында, мындай жогору деңгээлде, дүйнөнүн булуң бурчунан чогулган суучулдардын тренинг өткөрүү иш-чараларына жаңыдан күбө болуп жатат. Ал суучулдардын профессионалдык даярдыгына жогору баа берип, бул тренингде бардык катышуучуларга суудан куткаруу тажрыйбасы менен алмашууда эң сонун мүмкүнчүлүк түзүлдү деп айтат.

Сербиянын өкүлү Деян Китанович тренинг жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын белгилеп, кыргыз суучулдарынын кесипкөйлүгүн жогору баалады.

Иш -чаранын соңунда коноктор Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Суучулдар кызматынын кызматкерлерине мындан аркы чоң ийгиликтерди каалашты.

Эскерте кетсек, ЭЖКУга мүчө 14 өлкөдөн келген 24 өкүлү Эл аралык суучулдарды даярдоо тренингине катышты. Алар: Армения, Бахрейн, Грузия, Россия, Сауд Арабиясы, Сербия, Тунис, Бириккен Араб Эмираттары, Египет, Иордания, Казакстан, Ливан, Марокко, Палестина.

Тренинг 12 күн аралыгында болуп өттү. Эл аралык суучулдарды даярдоо тренинги 2012 –жылдан бери өткөрүлүп келет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here