Бишкек: ЖЭБда өрт-тактикалык машыгуу болуп өттү

0
53 просмотров

2021-жылдын 26-августунда Бишкек шаарынын ЖЭБ мекемесинде өрт-тактикалык машыгуу өттү.

Тактикалык планга ылайык, мазут танктарынын биринде өрт чыккан.

Объектинин администрациясы өрт болгон жерге Бишкек шаарынын куткаруу кызматын жана өрткө каршы кызматын чакырган.

Машыгууларга КР ӨКМнин Бишкектеги 5 бирдиги жана 30 өздүк курамы жана ЖЭБнун 30 кызматкери тартылды.

Белгилей кетсек, практикалык сабактар өрт-техникалык куралдар жана өрткө каршы жабдуулар менен иштөөнүн, өрттүн келип чыгышын алдын алууга мекеменин кызматкерлеринин даярдоонун негизги түрлөрүнүн бири.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here