Көңүл айтуу

0
47 просмотров

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Жамбыл облусундагы каргашалуу окуяда каза тапкан боордоштордун жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүштү.

«Казакстан Республикасынын  Жамбыл облусундагы адам өмүрүн алган  каргашалуу кырсыкты терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан кырсыктан жабыркаган жана жакынын жоготкондордун аза кайгысын тең бөлүшүп, боордош казак элине сабыр тилейм», — деди Б.Ажикеев.

Эскерте кетсек, Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун Тараз шаарындагы аскердик бөлүктүн курал жарак сактоочу кампасында жарылуу болуп, кырсыктан бир нече адам каза тапкан.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here