Нарын: Алдын алуу иштери

0
35 просмотров

Министрликтин 2021-жылдагы «Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу» иш-чарасынын мерчемине Нарын облусунан бекитилген объектилердин ичинен Нарын районуна караштуу Дөбөлү айылында тазаланган 2500 чакырым сел алып өтүүчү каналдын суу жеп кетүү коркунучундагы тилкесинде коргоочу дамбанын бети габион торчолор менен бекитилди.

Аталган иш-чара Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен ишке ашырылды. Аткарылган иш-чарага жергиликтүү тургундар тартылды. Натыйжасында суу каптоонун тобокелдигинен айылдын 20 турак-жайы корголду. Буга чейин ушул программанын колдоосу менен Нарын шаарындагы ЖБИ участкасындагы көрүстөндөрдү коргоо максатында каналдын жээгин бекемдөө иштери аткарылган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here