Нарын: Миң-Куш айылында жер көчкүсү катталды

0
33 просмотров

31-августунан 1-сентябрына караган түнү жааган жамгырдан улам кыртыштын нымдалуусунун кесепетинен саат танкы 4:00 чамаларында Миң-Куш, Ыраакы Миң-Куш унаа жолунун 3-4 чакырымында жер көчкүсү активдешкен.

Натыйжасына унаа жолдун түзүлүшү кыйроого учурап, жол каттамы жабылып калган. Түзүлгөн жагдайды жеринде баалоо үчүн райондук Жарандык коргонуу комиссиясы иш жүргүзүүдө. Комиссиянын курамында ӨКМнин Жумгал райондук бөлүмүнүн кызматкерлери да бар. Миң-Куш айылынын Ыраакы Миң-Куш айылына кетүүчү унаа жолунун 3-4 чакырымына катуу жааган жаандын кесепетинен жер көчкүсү активдешип унаа жолдун 100 метр аралыгын тосуп 2500 м3 кум шагыл түшүп калган.Учурда Жумгал Суу курулуш көмүр казуучу ишканасынын 1 эксковатору, 2 Хово,1 бульдозери жолду калыбына келтирүү жумуштарын аткарууда. Жол каттамы бир тараптуу ачылды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here