Ош: Сел жүрдү

0
26 просмотров

Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагында 1-сентябрь күнү саат 04:00 чамасында кыска мөөнөттө жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 42-чакырымын (Алгабас айылы) кум-шагылга толтурган, жерине 1 жүктөгүч, 1 грейдер тартылып, унаа жол саат 19:50дө толук тазаланып, каттам эки тараптуу ачылган жана ошондой эле Жаңы-Арык а/ сел жүрүп, Жаңы-Арык-Кызыл-Суу унаа жолунун кээбир жерлерин кум-шагылга толтурулуп, Кызыл-Суу айылынын ички чарбалык жолун жана 45 турак үйдүн короолорун сел суулары каптаган.

Жерине 1 жүктөгүч, 1 грейдер жана 1 самосвал тартылып, жогору аталган унаа жолдун 13-15 чакырым аралыктары тазаланган, учурда тазалоо иштери уланууда.

Жеринде Кара-Суу райондук ӨК бөлүмүнүн башчысы жана Кара-Суу райондук Жарандык коргоо комиссиясы тартылып тактоо иштерин жүргүзүлүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here