Жалал-Абад: Атайын алдын алуу иш-чаралары

0
46 просмотров

КР ӨКМнин 2021-жылдын «Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу» иш-мерчеминин негизинде Ала-Бука районунун Т.Балтагулов айыл аймагынын Кош-Алмурут айылын аралап өткөн Кара-Сай сел каналынын 80 метр аралыкты бекемдөө үчүн ӨКМ тарабынан 120 даана габион торчолору бөлүнүп берилди.

Андан сырткары Ак-Там айылын аралап өткөн Чанач-Сай дарыясынын оң тарабын 150 метр аралыкты бекемдөө үчүн 225 даана габион торчолору бөлүнүп берилген.

Аталган тилкелерде габион торчолорун орнотуу иштери жергиликтүү тургундардын жардамы менен жүрүп жатат. Натыйжада 13 турак үй, 1 АЗС, короо-жайлар, бактар жана таза суу өтүүчү түтүкчөлөрү корголот.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here