Ачык сынак жарыялайт

0
51 просмотров

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча департаменти  Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 23-беренесине ылайык төмөндөгү административдик мамлекеттик кызмат ордундарына сынак жарыялайт:

1.1.КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча департаментинин өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси–“К-А” .

Квалификациялык жана жеке сапат талаптары:

1.Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим, төмөнкү багыттар боюнча: экономика, финансы жана бухгалтердик эсеп.

2.Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт.

 

1.2.КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча департаментинин өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси–“К-А” .

Квалификациялык жана жеке сапат талаптары:

1.Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим, төмөнкү багыттар боюнча: архитектура жана курулуш, инженердик жана гидротехникалык курулуш кесиптер, геодезия жана жерге жайгаштыруу багыттагы жогорку билим, инженер-гидротехник, инженер-геодезист, инженер-сметчик.

2.Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт.

 

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди   тапшыруу зарыл:

-арыз (бош кызмат орунун так аталышы менен), резюме;

-өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

-өздүк баракча сүрөтү менен;

-паспортунун же өздүктү күбөлөндүргөн документинин көчүрмөсү;

-эмгек китепчесинин көчүрмөсү, кесиптик билимин, илимий даражасын жана илимий наамын тастыктоочу документтердин нотариус аркылуу же персоналды башкаруу кызматтары аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү.

Сынакка катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, жарыя чыккан күндөн тартып 10 жумуш күн ичинде  төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек:

Ош шаары, Г.Айтиев к.10, тел.0552 112912

Кошумча маалыматты Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (www.mes.gov.kg) жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматынын (www.mkk.gov.kg) сайттарынан  алса болот.

Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here