Баткен: Жол кырсыгынан 3 адам каза болду

0
36 просмотров

Баткен облусу, Кадамжай району, Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 135-чакырымында «Daewoo Tico» үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып сайга оодарылып кеткендиги туралуу маалымат түшкөн.

Кырсыктын кесепетинен 3 эркек каза болуп (аты-жөндөрү такталууда) жана 1996-ж.т. Э.А. аттуу эркек адам жаракат алган.

Жерине КР ӨКМнин №3 өзүнчө мобилидештирилген тоо кырсыгынан куткаруу взводунан 3 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдарды унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Ал эми жабыркаган адамды тез жардам кызматкерлерине өткөрүп берилди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here