Чүй: Токойдон чыккан өрттү өчүрүү иштери

0
23 просмотров

Кемин районунун Көк-Ойрок айыл аймагындагы Кайыңды айылынын түштүк тарабында жайгашкан Кыргыз Ала-Тоосундагы  Көк-Жар, Борду коктуларындагы карагай, арчалардан өрт чыккан.

Өрттү өчүрүүгө саат 6:30да КР ӨКМнин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы баштаган төрт офицердик курам  жана Кемин, Чүй, Токмок ш. Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт өчүрүүчү-куткаруучулары жалпы 50 кызматкер, ошондой эле КДМБдан (Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбор) 30 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан болжол менен 100  жаран, Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттен (ГКЭК) 80 кызматкер, Токой чарба агенттигинен 20 кызматкер болуп чыгып кетишти.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here