Жалал-Абад: Жыл башынан Сузак районунда 55 өрт кырсыгы катталган

0
28 просмотров

Өрттүн келип чыгуу себептери жарандардын кайдыгер мамилесинен да болууда.

Өрт кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында жыл башынан бери Сузак райондук ӨКБ тарабынан райондун аймагындагы турак-жай ээлерине, турак-үйлөрүндө өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, өрт коопсуздук эрежелери боюнча атайын эскертме кагаздары таркатылууда. Турак-үйлөрдү кыдыруу учурда да өрт коопсуздугун сакталбагандар аныкталып, аларга эскертүүлөр берилүүдө. Белгилей кетсек, жыл башынан бери райондо 55 өрт кырсыгы катталган. Ал эми 2210 турак үйдүн ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Мындан улам, облус боюнча өрт коопсуздукту текшерүү иш-чаралары аталган кызмат тарабынан мындан ары байма-бай жүргүзүлөт.

 КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here