2021-жылдын 9-сентябрь саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
84 просмотров
I.Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал

Баткен облусу

Кызыл-Кыя шаарында 2021-жылдын 8-сентябрь күнү болжол менен саат 20:11де Асаналиев көчөсүндөгү Борбордук базарында кездеме сатуучу дүкөндөн өрт чыккан. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 2500 ч.м.        

Тартылган күч жана каражаттар: КР ӨКМнин Кызыл-Кыя шаардык №62 ӨКБдан 2 бөлүм, Кадамжай райондук №75 ӨКБдан 1 бөлүм, Кадамжай райондук №76 ӨКБдан 1 бөлүм, Ноокат райондук №104 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 5 бөлүм. Кадамжай райондук №76 ӨКБдан 12 куткаруучу, ТККнын №4 ӨМТККВдан 20 куткаруучу,  КР ӨКМнин алдындагы ККББдан КБП унаасы (ППУ) менен ыкчам топ, Баткен облустук башкармалыгынан ыкчам топ, «Кызыл-Кыя шаардык суу канал ишканасынан» 3 суу ташуучу унаа, Кызыл-Кыя шаарынын цемент заводунан 3 суу ташуучу унаа, ИИМден 35 кызматкер, Тез жардам кызматынан 1 бригада, РЭТтен 1 бригада тартылган.

Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар: тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 22:48де чектөөгө алынып, саат 05:35те толук өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.

Шашылыш билдирүү!

КР ЭКМКга караштуу Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык: 2021-жылдын 10-11-сентябрында Кыргызстандын аймагында жылуу жана кургак абанын сакталгандыгына байланыштуу аба-ырайынын кескин өзгөрүүсү күтүлөт: 10-сентябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо жаан карга айланышы, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 11-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

10-сентябрда жана 11-сентябрда түнкүсүн абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12°, күндүз 18…23°, тоо этектеринде түнкүсүн 5…10, күндүз 14…19°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9°, күндүз 17…22°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 10…15°, күндүз 23…28°, тоо этектеринде түнкүсүн 7…12°, күндүз 20…25°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 6…11°, күндүз 20…25°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 3…8°, күндүз 20…25°, тоолуу райондордо түнкүсүн -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин, күндүз 12…17° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз 6…11° жылуу болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат

Аткарылган иш-чаралар: Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 8-сентябрь күнү №02/636-Т телефонограммасы чыгарылып тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген. 

9-сентябрь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана  калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.  Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Чүй облусу

Кемин району. 2021-жылдын 7-сентябрь күнү болжол менен саат 16:25те Кайыңды айылынын Чоң-Кемин өрөөнүнүн Көк-Жар токоюнда куураган чөптөн, чычырканактан жана дарактардан өрт чыккан. Өрттүн аянты болжол менен 30-50га.

Тартылган күч каражаттар: КР ӨКМнин алдындагы ККББдан жана Чүй облустук башкармалыгынан ыкчам топтор, КР ӨКМнен жалпы 93 куткаруучу, Кемин РИИБнен 58 кызматкер, Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттен 80 кызматкер, токой чарба кызматынан 20 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 300 адам.

         Аткарылган иш чаралар: Учурда өрттү өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Сейсмологиялык абал боюнча

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 8-сентябрь күнү саат 06:49да Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Токтогул районунун Арал айылында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Сутка ичинде республиканын аймагында 25 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 28 бөлүм тартылган (Бишкек шаарында 6, Чүй облусунда 8, Ош облусунда 3, Талас облусунда 1, Нарын облусунда 1, Ош шаарында 1, Жалал-Абад облусунда 3, Баткен облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталган).

 

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9

10

11

Бишкек шаары

1.                5-ӨКБ

1 б

1 09:39 09:53 10:10 10:27 10:44   Октябрь району. 12-кичи район. Ачык аянтта 400 ч.м куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. Кол каражат
2.                4-ӨКБ

1 б

1 12:55 13:02 13:38 15:36 16:05   Биринчи Май району. Проспект Чуй №142. Жалпы аянты 25 ч.м болгон кампа жана 25 ч.м  куураган чөп күйгөн.  Өрттүн себеби такталууда. 2ствБ
3.                3-ӨКБ

1 б

1 15:18 15:26 15:40 15:45 16:00   Свердлов району. Проспект Чуй.  Ачык аянтта 600ч.м куураган чөп күйгөн.  Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
4.                3-ӨКБ

1 б

1 16:00 16:06 17:37 17:55 18:05   Свердлов району. Проспект Чуй №2/6. Ачык аянтта 20 сотык куураган чөп күйгөн.  Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
5.                28-ӨКБ

1 б

1 18:23 18:30 18:35 19:33 19:43   Ленин району. Садырбаев көчөсү №92. “Раяна” сулуулук салондун аянты 40ч.м болгон керме шыбы күйгөн.  Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
6.                5-ӨКБ

1 б

1 21:17 21:31 Жеткенге чейин 21:47   Октябрь району. Токомбаев көчөсүнүн батыш тарабында бак күйгөн.  Өрттүн себеби такталууда.
7.              О 5-ӨКБ

1 б

1 02:33 02:47 03:15   Октябрь району. Асанбай кичи району

Батирден өрт чыккан жөнүндө маалымат   тастыкталган жок

Чүй облусу

8.                5-ӨКБ

28-

куткар-чу

1 17:00 19:30   Кемин району. Чоң Кемин өрөөнү, Кайыңды айылы, Көк-Жар токойунда болжол менен 40 га куураган чөп жана бадалдар күйүп жатат. 7-сентябрь күнү жерине өрттү өчүрүүгө ККББдан ыкчам топ 3 кызматкер, Чүй облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам топ 4 офицер, Кемин райондук №5 ӨКБдан 26 куткаруучу, Токмок шаардык №21 ӨКБдан 15 куткаруучу, Токмок шаардык №24 ӨКБдан 9 куткаруучу, КДМБдан 30 куткруучу, жалпы 87 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 25 адам тартылган. кол каражат
9.                5-ӨКБ

1 б

1 09:25 09:33 09:44 10:05 10:15   Кемин району. Кемин шаары. Таштанды таштоочу жайда 0.5 га таштанды күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
10.           5-ӨКБ

1 б

1 10:44 11:08 11:27 11:45 12:47 101 Аламүдүн району. Кой-Таш айылы. Салкын көчөсү, ачык аянтта 300 ч.м куураган чөп жана таштандылар күйгөн.  Өрттүн себеби такталууда. Кол каражат
11.           22-ӨКБ

1 б

1 12:05 12:30 12:40 12:50 13:12   Жайыл району. Кара-Балта шаары. Пальмиро Тольятти көчөсү, эмерек жасоочу цехтин имаратында 4 ч.м таштанды күйгөн.  Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
12.           22-ӨКБ

АКУ

4 кут

1 17:43 18:40   Жайыл району. Бишкек-Ош унаа жолунун 101-чакырымында  тоонун боорунда болжол менен 70 га куураган чөп күйүп жатат. Өрттү кол каражат менен  өчүрүү иштерин  жүргүзүп, караңгы киргендигине байланыштуу саат 21:20да убактылуу токтотулган. Жеринде өрттү көзөмөлдөп күзөттө 4 куткаруучу калтырылган. Кол каражат
13.           23-ӨКБ

1 б

1 19:27 19:40 19:49 19:57 20:25   Сокулук району. Сокулук айылы. Мичурина көчөсү короодо 7 сотык куураган чөп күйгөн.  Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
14.           22-ӨКБ

1 б

1 21:30 21:35 21:38 21:53 22:06   Кара-Балта шаары. Зеленая көчөсү. Ачык аянтта 120 ч.м таштанды күйгөн.  Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
15.           28-ӨКБ

1 б

1 22:09 22:18 22:26 22:45 23:00   Аламүдүн району. Орто-Сай айылынын түштүк тарабында кароосуз калган сарайдын ичинде 30 түк саман күйгөн.  Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Талас облусу

16.           91-ӨКБ

1 б

1 21:41 21:44 21:53 22:00 22:22  

 

Кара-Буура району. Кызыл-Адыр айылы. Строительный көчөсү. “Фольксваген Пассат” үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн.  Өрттүн себеби такталууда. 1ствА

Ысык-Көл облусу

17.           19-ӨКБ

1 б

1 10:18 12:05 Жеткенге чейин 13:47 101 Тон району. Шор-Булак айылы. Кулакунов көчөсү №18. Короодо жыйылган 300 түк чөп жана 8 ч.м сарай күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Нарын облусу

18.           42-ӨКБ

1 б

1 17:44 17:55 18:20 19:31 19:52   Кочкор району. Кара-Тоо айылы. Токтогул көчөсү №11. Короодо жыйылган 400 түк чөп күйгөн.  Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 1ствБ

Ош шаары

19.           13-ӨКБ

1 б

1 05:54 05:57 06:10 06:28 06:42   Ош шаары. А. Навои көчөсү. “Ема Бургер” тез тамактануучу жайдын тамак бышыруучу меши жана аянты 3 ч.м болгон пластик күйгөн.  Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Ош облусу

20.           66-ӨКБ

1 б

 

1 18:20

 

 

18:53

 

 

 

01:55 12:50 13:28

 

 

 

  Кара-Кулжа району. Кара-Гуз а/а, Жаңы-Талаа айылы, А.Кадыров көчөсү №11. Жалпы аянты 300 ч.м. болгон сарай жана 5000 түк толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 2ствБ
21.           64-ӨКБ

1 б

1 00:03 00:08 00:15 00:26 00:38   Араван району. Анаров а/а, Араван айылы, Ош-3000 көчөсүндө жайгашкан көмөкчордо күйгөн.  Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
22.           71-ӨКБ

1 б

1 02:10 02:40 02:50 03:15 04:05   Ноокат району. Кеңеш а/а, Арбын айылы, Турдуев көчөсү №1. Жыгач устундуу шифер менен жабылган 108 ч.м сарай, 100 тюк чөп, 2 куб.м отун толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Жалал-Абад облусу

23.           55-ӨКБ

1 б

1 12:47 13:05 13:08 13:35 14:05   Ноокен району. Шайдан а/а, Эски-Масы айылы, Молдо-Жалил көчөсү. Ачык аянтта 3 куб.м жыгач отун күйгөн.  Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
24.           30-ӨКБ

1 б

1 13:14 13:37 13:48 14:49 16:06   Аксы району. Назаралиев а/а, Кызыл-Жар айылы, Т.Алымов көчөсү. Жыгач устундуу шифер менен жабылган 28 ч.м бастырма, 100 түк чөп, 1 куб.м отун толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
25.           20-ӨКБ

1 б

1 17:21 17:28 17:30 17:45 18:05   Сузак району. Дмитриевка айылы. Короодогу бастырмада 1 куб.м жыгач отун күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу. 1ствБ

Баткен облусу

26.           62-ӨКБ

1 б

1 б

75-ӨКБ

1 б

104-ӨКБ

1 б

76-ӨКБ

1 б

  20:13

 

20:20

20:40

 

21:03

 

21:08

20:17

 

20:26

20:52

 

21:40

 

22:31

22:48 05:35 03:52

 

07:40

04:05

 

03:24

 

03:56

  Кызыл-Кыя шаары. Асаналиев көчөсү. “Таштемир-Ажы” борбордук базарынын аймагында жалпы аянты болжол менен 2500 ч.м. болгон 57 контейнер күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби жана келтирилген чыгымдар такталууда. Өрттү өчүрүүгө ТКККдан 12 куткаруучу, шаардык водоканалдан 3 суу ташуучу унаа жана 5 кызматкер, Кызыл-Кыя цемент заводунан 2 суу ташуучу унаа жана 6 кызматкер, ИИМден 35 кызматкер, РЭСтен 5 кызматкер жана 1 тез жардам бригадасы тартылган. 10ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болгон (1 эшик ачуу, 1 жол  кырсыгы, 1 издөө иши, 1 жыланды коопсуз жайга кое берүү).

катар №

Аймак боюнча чыгуу саны Бөлүктүн аталышы Убактысы Маалымат берилген булак  

Дареги, маалыматы, өзгөчө кырдаалдын

келип чыгуу себеби, келтирилген материалдык чыгымдар

Эскертүү
чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

ордуна кайтып келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8

9

Чуй облусу

1 1 КР ӨКМнин

№27 ӨКБ

12:10 12:15 12:45   Ысык-Ата району. Куткаруучулар Кант шаарынын 2-кичи районунда жайгашкан №4 үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен.  3 куткаруучу тартылган.  
2 2 КР ӨКМнин

№27 ӨКБ

20:30 20:48 21:35   Ысык-Ата району. Куткаруучуларга Ново-Покровка айылынын Достук көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн ичинде жылан бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 3 куткаруучу тартылып, жыланды кармашып, коопсуз жайга коё беришкен.  

Баткен облусу

3 1 КР ӨКМнин

№76 ӨКБ,

ӨМТККВ

11:20 11:43 16:40 102 Кадамжай району. 6-сентябрь күнү Кадамжай шаарынын Металлург көчөсүнүн тургуну 2006-ж.т. Д уулу Ө. аттуу эркек бала үйүнөн чыгып, тоо тарапка кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Бүгүн жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнен жалпы 11 куткаруучу тартылып, саат 18:50дө кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон жок. 9-сентябрь күнү улантылат.  

Талас облусу

4 1 КР ӨКМнин

№91 ӨКБ

01:41 01:55 02:28   Кара-Буура району. Чолпонбай айылында AUDI 100 үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жол жээгинде токтоп турган оор жук ташуучу унааны сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 1 адам жеринде каза болуп, 1 адам ооруканага жетпей каза болгон (өздүгү такталууда). Жерине 5 куткаруучу тартылып,бирок куткаруучулар жеткенге чейин каза болгон адамдардын жансыз денелерин тез жардам кызматы алып кетишкен.  

 

 

 

 

 

 

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here