2021-жылдын 10-сентябрь саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
88 просмотров

Шашылыш билдирүү!

     КР ЭКМКга караштуу Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык: 2021-жылдын 10-11-сентябрында Кыргызстандын аймагында жылуу жана кургак абанын сакталгандыгына байланыштуу аба-ырайынын кескин өзгөрүүсү күтүлөт: 10-сентябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо жаан карга айланышы, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 11-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

     10-сентябрда жана 11-сентябрда түнкүсүн абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12°, күндүз 18…23°, тоо этектеринде түнкүсүн 5…10, күндүз 14…19°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9°, күндүз 17…22°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 10…15°, күндүз 23…28°, тоо этектеринде түнкүсүн 7…12°, күндүз 20…25°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 6…11°, күндүз 20…25°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 3…8°, күндүз 20…25°, тоолуу райондордо түнкүсүн -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин, күндүз 12…17° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз 6…11° жылуу болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат

КР ӨКМги тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 8-сентябрь күнү №02/636-Т телефонограммасы чыгарылып тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген. 

2021-жылдын 10-сентябрь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

         Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Ош шаары

         2021-жылдын 9-сентябрь күнү саат 15:17 чамасында Латибжанов көчөсүндө жайгашкан №77 турак үйдөн өрт чыгып жанаша жайгашкан №79 жана Муса Джалиль көчөсүндө жайгашкан  №16, №67 турак үйлөргө өткөн. Өрттүн аянты болжол менен 1200 ч.м. түзгөн.

         Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин Ош шаардык № 109 ӨКБдан 1 бөлүм, Ош шаардык № 12 ӨКБдан 2 бөлүм, Ош шаардык № 13 ӨКБдан 2 бөлүм, Ош шаардык № 85 ӨКБдан 2 бөлүм, Ош шаардык № 29 ӨКБдан 1 бөлүм, Штаб, ККББдан ыкчам топ, Ош шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу, РӨКОдөн 4 куткаруучу жана 1 суу ташуучу унаа, жашылдандыруу ишканасынан 3 суу ташуучу унаа, тез жардам кызматынан 1 бригада, РЭТтен 1 бригада, газ кызматынан 1 бригада, ИИМден 13 кызматкер тартылды.

         Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 15:57де чектөөгө алынып, саат 19:05те толугу менен өчүрүлгөн. Келтирилген материалдык чыгым жана өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусу

         Кемин районунда 2021-жылдын 7-сентябрь күнү болжол менен саат 16:25те Кайыңды айылынын Чоң-Кемин өрөөнүнүн Көк-Жар токоюнда куураган чөптөн, чычырканактан жана дарактардан өрт чыккан. Өрттүн аянты болжол менен 30-50га.

         Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин Чүй облустук башкармалыгынан ыкчам топ, КР ӨКМнен жалпы 90 куткаруучу, Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттен 40 кызматкер, токой чарба кызматынан 20 кызматкер, Суу чарба кызматынан 10 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 50 адам тартылды.

         9-сентябрь күнү тартылган күчтөрдүн жардамында саат 17:50дө өрт чектөөгө алынган. Өрттү өчүрүү иштери уланууда.

КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

     Сутка ичинде республиканын аймагында 21 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 32 бөлүм тартылган (Бишкек шаарында 6, Ош шаарында 2, Чүй облусунда 6, Ош облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2, Нарын облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2 өрт кырсыгы катталган).

 

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9

10

11

Бишкек шаары

1.                3-ӨКБ

1 б

1 11:06 11:10 жеткенге чейин 11:45   Свердлов району.  Шопоков көчөсүнүн №98-үйдүн жанында Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын бампери күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.
2.                3-ӨКБ

1 б

1 13:03 13:10 13:25 14:16 15:20   Свердлов району. Сеченов көчөсү, турак үйдүн 50 ч.м бөлмөсү толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 2ствБ
3.                4-ӨКБ

1 б

1 14:54 15:00 15:09 15:12 15:40   Ленин району. Пушкин-Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде таштанды таштоочу жайда таштанды күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
4.                7-ӨКБ

1 б

1 15:59 16:10 16:29 16:51 17:22   Октябрь району. Ауэзов көчөсүндө ачык аянтта 300ч.м. куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
5.                5-ӨКБ

1 б

1 16:56 17:16 18:46 18:50 19:28   Октябрь району. Алтын-Ордо конушунун 7- көчөсүндө 50ч.м. жыйылган чөп күйгөн. Өрттүн себеби тактулууда. 1ствБ
6.                5-ӨКБ

1 б

1 22:56 23:06 23:11 23:15 23:28   Октябрь району.   А. Сүйөркулов көчөсүнүн №27-үйдүн алдында таштанды таштоочу жай күйгөн. Өтрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Ош шаары

7.                109-ӨКБ

1 б

1 08:44 08:48 08:53 09:48 10:05   Королев көчөсүндө жайгашкан азык-түлүк дүкөндүн 20ч.м. полу жана тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда 1ствБ
8.                109-ӨКБ

1 б

12-ӨКБ

13-ӨКБ

1 б

1 б

85-ӨКБ

1 б

1 б

29-ӨКБ

1 б

РӨКО

4-кут.

ШТАБ.

1 15:19

 

15:22

 

15:23

 

15:24

 

15:30

 

15:26

 

15:23

15:22

 

15:36

 

15:39

 

15:34

 

15:54

 

15:35

15:57 19:05 19:21

 

18:36

19:47

 

19:11

20:10

18:42

18:42

19:25

17:37

  Латибжанов көчөсүндө жайгашкан №77 турак үйдөн өрт чыгып жанаша жайгашкан №79 жана Муса Джалиль көчөсүндө жайгашкан  №16, №67 турак үйлөргө өткөн. Өрттүн аянты болжол менен 1200ч.м түзгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнен жалпы 8 бөлүм, Штаб, ККББдан ыкчам топ, Ош шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу, РӨКОдөн 4 куткаруучу жана 1 суу ташуучу унаа, жашылдандыруу ишканасынан 3 суу ташуучу унаа, тез жардам кызматынан 1 бригада, РЭТтен 1 бригада, газ кызматынан 1 бригада, ИИМден 14 кызматкер. Келтирилген материалдык чыгым жана өрттүн себеби такталууда.

8ствБ

2ствА

Чүй облусу

9.

 

5-ӨКБ

21-ӨКБ

24-ӨКБ

КДМБ

1 17:00 19:30 17:50   Кемин району, 7-сентябрь күнү Кайыңды айылынын Чоң-Кемин өрөөнүндө Көк-Жар токоюнда куураган чөптөн, бадалдардан жана дарактардан  чыккан өрт 9-сентябрь күнү 17:50дө чектөөгө алынган. 9-сентябрь күнү өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин Чүй облустук башкармалыгынан ыкчам топ, КР ӨКМнен жалпы 90 куткаруучу, Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттен 40 кызматкер, токой чарба кызматынан 20 кызматкер, Суу чарба кызматынан 10 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 50 адам тартылган. кол каражат
10

 

22-ӨКБ

АКУ

10 кут

1 08:00 08:40 18:10 19:30 20:15   Жайыл району. Бишкек-Ош унаа жолунун 100-чакырымында  тоонун боорунда болжол менен 55га куураган чөп күйөн. Өрттү өчүрүүгө 10 куткаруучу жана 7 жергиликтүү тургундар тартылган. Өрттүн себеби такталууда. кол каражат
11 22-ӨКБ

1 б

1 13:40 13:45 13:50 14:05 14:20   Жайыл району. Кара-Балта шаарынын Оторбаев көчөсүндө жайгашкан үйдүн жанында  50ч.м. куураган чөп күйгөн. Өрттүн  себеби такталууда. 1ствБ
12 1-ӨКБ

1 б

1 15:00 15:19 16:05 17:48 18:10   Аламүдүн району. Берлик айылы, ачык аянтта 48 бал челек жана бал челек ташыган прицеп толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1       ствБ
13 22-ӨКБ

1 б

1 15:47 16:10 17:20 20:20 20:52   Жайыл району. Алтын айылы, Центр көчөсү, жалпы аянты 80ч.м. болгон бастырма жана 250 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
14 4-ӨКБ

1 б

1 22:36 22:50 23:22 23:29 23:59   Аламүдүн району. Жаш-Гвардия бульвары менен айланма жолдун кесилишинде 15ч.м. жыгачтан салынган чечинүүчү жай, пилорама жана таштанды күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Ысык-Көл облусу

15 31-ӨКБ

1 б

1 09:30 09:47 11:50 13:02 13:49   Ысык-Көл району.  Кара-Ой айылы.  Ачык аянтта 500ч.м. таштанды күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
16 39-ӨКБ

1 б

1 03:11 03:16 03:18 04:00 04:25   Ак-Суу району. Теплоключенко айылы, Достук көчөсү, короодо 1,500 тонна тезек жана 1,5 куб отун күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Нарын облусу

17 47-ӨКБ

1 б

1 17:10 17:25 17:50 18:30 19:28   Ак-Талаа району. Ак-Чий а/а, Ак–Кайын тилкеси.  Ачык аянтта 3га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
18 16-ӨКБ

1 б

1 06:18 06:40 06:45 07:15   Нарын шаары.  Орто-Саз айылы, А. Жунусов көчөсү, жаңы салынып жаткан бастырманын 15ч.м. шыбы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Ош облусу

19 29-ӨКБ

1 б

13-ӨКБ

1 б

 

 

1 16:58

 

17:06

17:05

 

17:16

17:22 18:02 19:25

 

20:10

  Кара-Суу району, Дыйкан-Кыштак айылы, Айсаков көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн сарайынын 20ч.м. чатыры, 0,5 куб отуну жана жанаша жайгашкан Матабобоев көчөсүндөгү үйдүн 55ч.м. сарайынын чатыры толугу менен, 60 даана түк чөп, 1 тонна жүгөрү, 1,5 куб отун күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ

Жалал-Абад облусу

20 73-ӨКБ

1 б

1 15:22 15:44 15:55 16:03 16:50   Ала-Бука району, Өрүктү айыл аймагы, Чолоктум айылы, Кара-Жоон тилкесинде ачык аянтта  1,5га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
21 97-ӨКБ

1 б

1 б

1 19:14

19:36

19:30

19:47

19:40 22:05 22:40   Токтогул району.,  Комсомол айлынын Курманкулов көчөсүндө жайгашкан №7 турак үйдүн сарайынан өрт чыгып, жанаша жайгашкан 2 сарайга өтүп толугу менен күйгөн. Өрттүн себебинен жалпы аянты 116ч.м. түзгөн 3 сарай толугу менен жана 734 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ

 

Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болгон (1 эшик ачуу, 1 адамды чуңкурдан чыгаруу, 1 издөө иши, 1 ажаатканадан кыздын жансыз денесин чыгаруу).

катар №

Аймак боюнча чыгуу саны Бөлүктүн аталышы Убактысы Маалымат берилген булак  

Дареги, маалыматы, өзгөчө кырдаалдын

келип чыгуу себеби, келтирилген материалдык чыгымдар

Эскертүү

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

ордуна кайтып келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9
 
1 1 КР ӨКМнин Бишкек  шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматы 00:44 00:56 01:17   Ленин районунда куткаруучулар Жал кичи районунда жайгашкан №35 турак үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен. Эшик ачууга 4 куткаруучу тартылган.  
2 2 КР ӨКМнин Бишкек  шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматы 01:20 01:32 02:17 112 Октябрь районундагы Исакеев көчөсүнүн №6 дарегинде жайгашкан турак үйдүн алдындагы казылган чуңкурга 2006-ж.т. К.Б. жаштагы жаш бала кулап кеткен. Куткаруучулар жаранды чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. 4 куткаруучу тартылган.  

Баткен облусу

3 1 КР ӨКМнин

№76 ӨКБ,

№107 ӨКБ,

ӨМТККВ

11:35 11:40 13:30 102 Кадамжай районунда 6-сентябрь күнү Кадамжай шаарынын Металлург көчөсүнүн тургуну 2000-ж.т. Д уулу Ө. аттуу эркек бала үйүнөн чыгып, тоо тарапка кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Бүгүн жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 14 куткаруучу  тартылган. Бирок жогоруда аталган жарандын жансыз денесин Кадамжай шаарынын четинен агып өткөн Нургазиев каналынан ИИМ кызматкерлери тарабынан табылып, туугандарына өткөрүп беришкен.  

Ош облусу

4 1 КР ӨКМнин

№25 ӨКБ

17:22 17:27 17:59   Кара-Суу районунун Кең-Сай айылынын Абжапар-Ата көчөсүндө жайгашкан №7 турак үйдүн ажаатканасына 2019-ж.т.Н.А. аттуу кичинекей кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 4 куткаруучу тартылган, бирок куткаруучулар жеткенге чейин кыздын жансыз денесин туугандары чыгарып алган.  

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here