ӨКМде жарандык коргонуу багытындагы окуулар уланууда

0
14 просмотров

2021-жылдын 8-сентябрынан 10-сентябрь аралыгында ӨКМнин алдындагы Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо Борбору тарабынан «РОСНЕФТЬ РН-Кыргызнефтепродукт» ишканасынын өздүк курамы менен Жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу жаатында окуулар өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында, жалпы төмөндөгүдөй үч багытта окуу жүргүзүлдү:

  1. Жарандык коргонуу иш-чараларын уюштуруу жана жүргүзүү;
  2. Өрт коопсузугу боюнча коргонуу иш-чаралары жана алгачкы өрт өчүрүү каражаттарын колдоно билүү;
  3. Медициналык алгачкы жардам көрсөтүү.

Ишкана өрт коопсуздугуна жана башка кырсыктарга жакын иш алып барышкандыктарына байланыштуу, окуунун жүрүшүндө ишкананын кызматкерлери менен өрт өчүрүүчү шаймандарын колдоно билүү, кырсык учурунда жабыр таркан жарандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтө билүү боюнча практикалык окуулар уюштурулуп өткөрүлдү.

«РОСНЕФТЬ РН-Кыргызнефтепродукт» ишканасынан жалпы 120 кызматкер окууга катышты.

Анын ичинен үч күндүк окуунун жыйынтыгында жалпы Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун 71 сертификаты ыйгарылды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here