Өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 29,8 пайызга өскөн

0
23 просмотров

2021-жылдын 8 ай ичинде республика боюнча 1966 өрт кырсыгы катталып (2020-ж. 1515), өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 29,8% өскөн.

Өрттүн кесепетинен 25 адам каза тапкан. (2020-жылы 14 адам), жана 36 адам жабыркаган (2020-жылы 21).

Тилсиз жоодон 26 адам куткарылып, 8 млрд. 389 млн. 727 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталган. 1248 өрт турак жай секторунда катталып, өрттүн жалпы санынын 63,5 % түзгөн.

❗Өрттүн негизги себептери төмөнкүлөр:

электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан — 783 (24,5%);

мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 189 (35,0 %);

отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 320 (2,2%);

балдардын от менен ойноосуунан – 109 (109%), өрт кырсыгы болду.

Болуп өткөн өрттөрдүн саны төмөндөгүчө бөлүнөт:

Бишкек шаарында – 323;

Чүй облусунда — 494;

Ош облусунда — 192;

Жалал-Абад облусунда — 247;

Ысык-Көл облусунда — 198;

Нарын облусунда — 64;

Талас облусунда — 60;

Ош шаарында — 64;

Баткен облусунда 324 өрт катталган.

▪️▪️▪️

Өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо зарыл:

  • бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбогула;
  • күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчаларда сактабагыла;
  • балдарды кароосуз калтырбагыла;
  • күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабагыла;
  • электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула.
  • тамекинин калдыктарын жана ширеңкелерди таштабагыла

✅Өрт коопсуздугунун көрсөтүлгөн пункттарын сактап, өзүнүздүн турак-жайынызды, мүлкүнүздү сактоо менен өрт учурунда адамдардын жаракат алуусунун жана каза болуусунун алдын аласыз.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here