Баткен: Кызыл-Кыяда эркек кишинин жансыз денеси табылды

0
24 просмотров

Бүгүн ӨКМге саат 07:50 чамасында Кызыл-Кыя шаары, Кулатов көчөсүндө көпүрөнүн астында болжол менен 50-55 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси (аты-жөнү такталууда) суу менен агып келип бетонго кыпчылып калгандыгы тууралуу маалымат 102 кызматынан келип түшкөн.

Жерине Кызыл-Кыя шаардык №62 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылып, жансыз денени суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here