КР ӨКМнин Ысык-Көл облустук башкармалыгы ачык конкурс жарыялайт 

0
37 просмотров

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын жана Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы №706 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында конкурс өткөрүүнүн жана кызматка көтөрүлүүнүн тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык, Түп райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн Жарандык коргонуу бөлүмчөсүнүн башкы адиси ваканттык административдик  мамлекеттик кызмат ордуна  ачык конкурс жарыялайт.

Коюлуучу  квалификациалык талаптары:

Иш стажы жана тажрыйбасы: — жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик кызмат стажы же кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

— компьютерде иштей билүүсү (Microsoft Word. Microsoft Excel. Internet);

Кесиптик билимдин денгээли боюнча: жогорку, техникалык, табигый илимдер, экономика жана башкаруу, архитектура жана курулуш, физика жана математика, саламаттык сактоо, өзгөчө кырдаалдардан коргонуу багытында.

Кесиптик компетенциялары:

 —жарандар менен иштей билүүсү;

-карталар менен иштей билүү жөндөмү;

-курулуш эрежелерин жана нормаларын билүү;

Башкы адис: “Жарандык коргонуу жөнүндө”, «Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын:   -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22.11.2018-ж. №550 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө”, 10.03.2021-ж. №87 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомдорун КР Өкмөтүнүн 03.01.2011-ж. №1 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында өзгөчө жана кризистүү кырдаалдарда бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасы жөнүндө” жобосун билиши.

Функционалдык милдеттери:

-жарандык коргонуу планынын долбоорун иштеп чыгуу, сунуш берүү;

— иш кагаздарын жүргүзүү эрежелерин билүү.

— өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссияларынын ишин уюштура билүү

Талапкерден алынуучу иш кагаздар:

-сынак өткөрүү комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

-резюме.

— кадрларды каттоо  баракчасы;

-3х4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

— паспортунун копиясы  (документтердин оригиналдары  конкурска катышууда берилет);

-жогорку билимин тастыктаган дипломунун (көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлүшү керек);

-эмгек китепчесинин көчүрмөсү (көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлүшү керек);

— соттолбогондугу тууралуу КР ИИМнен малым кат.

Иш кагаздар массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10 иш күн ичинде   кабыл алынат.  

Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, Токтогул көчөсү №197 КР ӨКМнин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгында кабыл алынат.

Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыныздар: тел. (03922)7-07-68, 7-25-03. 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here