2021-жылдын 29-сентябрь саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
116 просмотров

Шашылыш билдирүү!

КР ЭКМКга караштуу Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык: 2021-жылдын 1-4-октябрларында туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 2-октябрда күндүз жана 3-октябрда кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 2-3-октябрларда абанын күндүзгү температурасы төмөндөп: Чүй өрөөнүндө 5…10°, Талас өрөөнүндө 4…9°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 9…14°, Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 4…9° жылуу болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. 3-5-октябрларда түнкүсүн Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2°, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштерге, казылып алынып жабылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

КР ӨКМги тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 28-сентябрь күнү №02-34/681-Т телефонограммасы чыгарылып тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

29-сентябрь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

Жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. 

Бишкек шаары

Ленин районунда 2021-жылдын 28-сентябрь күнү саат 13:05 чамасында Кулиев көчөсүндө жайгашкан №2Б дарегинде жайгашкан “Империя Пиццы” ЖЧКнын имаратынан өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен кампа имараттын 470 ч.м., өндүрүш имараттын 283 ч.м. жана жакын жайгашкан КР ӨКМнин №8 АӨКБнын гаражынын 52 ч.м. чатыры жана КР ӨКМнин №4 ӨКБнын машыгуу мунаранын 45ч.м. аянты күйгөн. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 850 ч.м. Өрттөн каза болгон жана жабыркаган адамдар жок.

Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин Биринчи Май райондук №8 АӨКБдан 1 бөлүм, 1 суу ташуучу унаа, Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1 бөлүм, Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1 бөлүм, Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 бөлүм, Штаб, ККББдан ыкчам топ, Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан   6 куткаруучу, ИИМден 15 кызматкер, 4 унаа, РЭТтен 1 бригада тартылды.

 Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 14:40та чектөөгө алынып, саат 18:23тө толугу менен өчүрүлгөн. Келтирилген материалдык чыгым жана өрттүн себеби такталууда.

 

КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 17 өрт кырсыгы катталып, аларды  өчүрүүгө 20 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган (Бишкек шаарында 5, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 4, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 1, Нарын облусунда 2 өрт кырсыгы катталган).

16

 

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9

10

11

Бишкек шаары

1.                  3-ӨКБ

1 б

1 11:21 11:31 11:40 11:57 12:42   Свердлов району, Осмонкул көчөсү, ачык аянтта 20 ч.м. куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда 1ствБ
2.                  4-ӨКБ

1 б

1 11:40 11:58 12:00 12:10 12:56   Свердлов району, Фрунзе көчөсү, турак үйдүн короосунда аянты 5 ч.м. болгон ажаткана толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда кол

каражат

3.                  8-АӨКБ

1 б

суу таш-чу унаа

4-ӨКБ

1 б

5-ӨКБ

1 б

3-ӨКБ

1 б

ЫНБ

КБП

куткаруу

кызматы

1

Б

И

С

13

36

13:05

 

 

13:08

 

13:17

 

13:36

 

13:23

13:40

 

14:03

13:06

 

 

13:09

 

13:28

 

13:41

 

13:30

13:55

 

14:15

14:40 17:23 19:20

 

 

17:55

 

16:00

 

15:39

 

18:20

15:42

 

14:35

101 Ленин району, Кулиев көчөсү, жалпы аянты 753 ч.м. болгон “Империя пицца” ЖЧКна таандык кампа, өндүрүштүк имарат жана ичиндеги тиричилик электр шаймандары толугу менен күйүп, өрт жанаша жайгашкан Биринчи Май райондук №8 АӨКБнүн гаражынын 52 ч.м. чатыры жана №4 ӨКБнүн 45 ч.м. машыгуу мунарасы күйгөн. Жалпы өрттүн аянты 850 ч.м. түзгөн. Жерине ИИМ кызматкерлери жана РЭТтен 1 бригада тартылган. Өрттүн себеби: такталууда 1ствА

7ствБ

4.                  28-ӨКБ

1 б

1 19:30 19:40 жеткенге чейин 20:02 101 Ленин району, Садырбаев көчөсү, ачык аянтта куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда
5.                  4-ӨКБ

1 б

1 04:45 04:52 04:55 05:07 05:40   Биринчи Май району, Чүй проспекти менен Манас көчөсүнүн кесилишинде Тойота Прадо үлгүсүндөгү жеңил  унаасынын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда 1ствБ

Ош шаары

6.                  13-АӨКБ

1 б

1 16:15 16:20 16:25 16:33 16:50   Т.Турсунбаева көчөсү, турак үйдүн бөлмөсүндө матрас жана эки журкан күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда 1 топ

ГТКК

1ствБ

Чүй облусу

7.                  15-ӨКБ

1 б

1 12:58 13:08 13:22 13:46 14:15   Москва району, Беловодский айылы, Курчатов көчөсү, түзөтүү абагынын жатаканасынын 20 ч.м. бир бөлмөсү жана ичинде 6 керебет журкан төшөктөрү менен күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска чыңалуусу. 1ствБ
8.                  23-ӨКБ

1 б

1 00:10 00:25 01:37 01:50 01:55   Сокулук району, Шалта айылы, таштанды таштоочу жайда 30 м2 таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
9.                  22-ӨКБ

1 б

1 03:18 03:45 04:00 04:45 05:20   Жайыл району, Алтын айылы, Совет көчөсү, жалпы аянты 40 ч.м. болгон турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
10.              1-ӨКБ

1 б

1 03:33 04:06 07:09   Аламүдүн району, Виноградный айылы, Спортивный көчөсү, турак үйдүн короосунда 2000 түк чөп күйүп жатат. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Ош облусу

11.              53-ӨКБ

1 б

1 05:42 06:15 06:50   Өзгөн району, Ак-Жар айыл аймагы, Ак-Жар айылында сарай күйүп жатат. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
Жалал-Абад облусу
12.              65-ӨКБ

1 б

1 12:07 12:18 12:21 13:09 13:29   Сузак району, Сузак айыл аймагы, Саада айылы, Тажан-Аба көчөсү, жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 48 ч.м. чатыры жана 600 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда 1ствБ
13.              46-ӨКБ

1 б

1 16:31 16:37 16:41 16:55 17:07   Тогуз-Торо району, Тогуз-Торо айыл аймагы, Казарман айылы, Кадыркулов көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн 3 ч.м. чырпыктан тосмосу күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда 1ствБ
14.              81-ӨКБ

1 б

1 19:21 20:13 20:38 21:45 23:15   Чаткал району, Каныш-Кыя айыл аймагы, Башкы-Терек айылы, Башкы-Терек-Сай тилкесинде 1 га аянтта камыш жана бадалдар күйгөн.  Өрттү өчүрүүгө токой чарба кызматынан 12 кызматкер жана жергиликтүү элдерден 50 адам тартылган. Өрттүн себеби: такталууда 1ствБ

кол

каражат

Ысык-Көл облусу

15.              36-ӨКБ

1 б

1 21:47 21:53 жеткенге чейин 22:30   Жети-Өгүз району, Кызыл-Суу айылы, Комсомол көчөсү, ачык аянтта 16 ч.м. таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда

Нарын облусу

16.              16-ӨКБ

1 б

1 11:55 12:45 12:55 13:57 15:10   Нарын району, Таш-Башат айылы, Кененбаев көчөсү, турак үйдүн короосунда жыйылган 400 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: балдардын от менен болгон шоктугу. 1ствБ
17.              43-ӨКБ

1 б

1 18:07 18:20 18:45 21:04 21:25   Жумгал району, Кызыл-Жылдыз айылы, Бейшеналиев көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн короосунда жыйылган 300 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

 

Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болгон (1 суу кырсыгы, 3 эшик ачуу):

катар №

Аймак боюнча чыгуу саны Бөлүктүн аталышы Убактысы Маалымат берилген булак  

Дареги, маалыматы, өзгөчө кырдаалдын

келип чыгуу себеби, келтирилген материалдык чыгымдар

Эскертүү
чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

ордуна кайтып келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8

9

Бишкек шаары

1 1 КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматы 18:06 18:16 18:45   Октябрь районунда куткаруучулар 8-кичи районунда жайгашкан №29 үйүнүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен. 5 куткаруучу тартылган.  
2 2 КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматы 02:36 02:57 03:20 103 Октябрь районунда куткаруучулар Көк-Жар конушунун Молдокулов көчөсүндө жайгашкан №10 үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен. Батирдин ичинде 49 жаштагы М.Ж. аттуу эркек адам жыгылып өз алдынча тура албай калган. Куткаруучулар жабыркаганды тургузуп тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.  5 куткаруучу тартылган  

Ош облусу

3 1 КР ӨКМнин

№25 ӨКБ

07:00 07:30 13:30   Кара-Суу районунда 26-сентябрь күнү Отуз Адыр айыл аймагынын Тойчу айылында 1997-ж.т. И.М. аттуу аял кичинекей кыздары (2018-ж.т. Х.С., 2020-ж.т. Х.С.) менен Отуз-Адыр каналына түшүп кеткен. Жергиликтүү тургундар тарабынан аялды жана анын 2018-ж.т. кызын суудан аман-эсен чыгарышып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. 28-сентябрь күнү жерине 2020-ж.т. Х.С. издөө иштерин жүргүзүү үчүн Кара-Суу райондук №25 ӨКБдан 16 куткаруучу, ИИМден 2 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 15 киши тартылып, саат 10:50дө жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.  

Чүй облусу

4 1 КР ӨКМнин

№5 ӨКБ

14:45 15:01 15:58   Кемин районунда куткаруучулар Орловка шаарынын Весёлая көчөсүндө жайгашкан №31 үйүнүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен. 3 куткаруучу тартылган.  

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here