Бишкек: Өрт толук өчүрүлдү

0
59 просмотров

Биринчи Май районунун, Кулиев көчөсүндө жайгашкан «Империя Пицца» тамактануучу жайынын жакын жерден өрт чыккандыгы тууралуу ӨКМге маалымат түшкөн, такталган маалымат боюнча кампадан өрт чыкты.

Өрттү өчүрүүгө саат 13:03тө жалпы 4 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган.

Өрт саат 14:40 чектөөгө алынып, саат 17:23 толук өчүрүлдү.

Өрттүн жалпы аянты болжол менен 850 ч.м. түздү, каза болгон жана жабыркагандар болгон жок.

Алдын ала маалымат боюнча өрттүн келип чыгышы кафенин жанындагы ширетүүчү иштеринде өрт коопсуздугу сакталбагандыгынан улам келип чыкты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here