Чүй: Өрттүн кесепетинен эки жаран денесинен күйүк алды

0
54 просмотров

Чүй районунун Виноградный айылында жайгашкан эски иштетилбеген винзаводдун аймагында, азыркы учурда менчик механизациялаштырылган парк катары колдонулуп жаткан цехтин ичинде таштанды, мазут жана автопокрышкалар күйдү. Өрттүн жалпы аянты 150ч.м.

Өрттү ишкананын кароолчулары өздөрү өчүрүүгө аракет кылып 1985ж.т. К.З. аттуу жаран бет, моюн жана колунан күйүк, 2003ж.т. К.У. денесинин 50% күйүк алды. Жабыркагандар Токмок шаардык ооруканасынын жандандыруу (реанимация) бөлүмүнө жеткирилген.

Өрт саат 03:15те чектөөгө алынып, 05:31де толук өчүрүлдү.

Өрттү өчүрүүгө Токмок шаардык №21 ӨККБдан бир бөлүм тартылды.

Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска чыңалуусу.

КР ӨКМ ПРЕСС-ЦЕНТР

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here