Ысык-Көл: Тилсиз жоодон 206 миллион 706 миң сомдук материалдык баалулуктар сакталды

0
50 просмотров

2021-жылдын 9 айында Ысык-Көл облусунун аймагында 239 өрт кырсыгы катталып, материалдык чыгым 34 886 852 сомду түздү. Ошол эле учурда өрттү өчүрүү учурунда өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн өздүк курамынын аракетинин негизинде 206 миллион 706миң сомдук материалдык баалуулуктар тилсиз жоодон сакталган.

-Өрттүн негизги себептери: техникалык эксплуатацияны бузуу, отко этиятсыз  мамиле кылуу, тамеки тартуудагы этиятсыздык, балдардын от менен шоктугу болуп  саналат.

Жай мезгилинде өрттөр көбүнчө токой чарбасынын, дан өсүмдүктөрүнүн ири аянттарынан айрылып калуу коркунучун туудурган куураган чөп менен байланыштуу. Көбүнчө өрттөр калктын мал чарбачылыгы менен алектенген айыл жерлеринде болот: негизинен чөп кампалары, бастырмалар, дан өсүмдүктөрү же талаалар күйөт. Кургак чөп менен байланышкан өрттүн негизги себептери, табигый мүнөздөгү учурлардан тышкары (чагылган, жогорку температура), балдардын отко болгон шоктугу, таштандыларды өрттөөдө отко этиятсыз мамиле кылуу, тамеки тартууда этиятсыздык саналат.

Мисалы, Түп районунда 31 өрт кырсыгы катталды, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6 өрткө көп. Себеби, бул аймакта өрт негизинен ачык аянттарда катталып, кургак чөп жана чарбалык курулуштар күйгөн.

Жайдагы өрт коркунучтуу мезгилде кургак чөп, былтыркы түшкөн жалбырактар заматта кичинекей учкундан күйүп, өрттүн чыгышына алып келиши мүмкүн, ошондуктан жарандарды өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоого чакырабыз:

-чатырларда, жертөлөлөрдө күйүүчү материалдарды сактоого болбойт;

-балдарга ширеңке менен ойноо кооптулугун түшүшүндүрүү зарыл;

-тиричилик электр шаймандарын, газ плиталарын иштеген бойдон калтырбаңыз;

-колго жасалган электр жылыткыч шаймандарын колдонбоңуз;

-токойдо же тоодо жүргөндө күйүп жаткан ширеңкени, тамекинин

калдыктарын, айнек идиштерди жана айнектин сыныктарын, майланган жана бензинге малынган тазалоочу материалдарды ыргытпоо зарыл.  Эс алуучу жайдан чыкканда, очоктогу күйүү жана түтүн толугу менен токтоп калганга чейин өрттү суу же топурак менен өчүрүңүз.

Облустагы өрттүн жайылышы:

-Каракол ш.- 63 өрт кырсыгы катталып, 1 адам каза болуп, 6 адам жаракат алды;

— Балыкчы – 23, 1 адам каза болду;

— Ак-Суу району — 31;

— Жети-Өгүз району — 37;

— Ысык-Көл району- 36;

— Тоң району — 18;

— Түп району — 31.2 адам каза болду

КР ӨКМнин ПРЕСС-БОРБОР

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here