Бош мамлекеттик кызмат орунуна сынак жарыялады

0
54 просмотров

Талас облустук “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” бөлүмүнүн башчысы (Б-Б)

Башкы административдик мамлекеттик кызмат орунга квалификациялык талаптар белгиленет:

            1.Кесиптик билимдин деңгээли:

—  жогорку билим, табият таануу илимдери багыттары боюнча: гидромелиорация, гидротехникалык курулуш, курулуш жана өзгөчө кырдаалдардан коргоо

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 3-жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5-жылдан кем эмес иш стажы

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:

— Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарын: “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Суу жөнүндө”; «Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө»

— Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн токтомдорун: 2014-жылдын 22-апрелиндеги № 238 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы «Сел жана суу ташкындарынан коргоо» мамлекеттик агенттиги жөнүндө”; 2018-жылдын 22-ноябры № 550

“Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө”, 2021-жылдын 10-мартындагы   № 87 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелери жөнүндө»;

— Кыргыз Республикасынын Гидротехникалык курулмалар долбоордук негизги жоболру СНиП КР 3.04-01-2008; Суу каптаган жана суу каптаган аймактарда инженердик коргоонуу СНиП РК 2.03-10.2002; Негизги эсептелген гидрологиялык мүнөздөмөлөрдү аныктоо МСП 3.04-101-2005; Гидротехника. Негизги түшүнүктөр. Терминдер жана аныктамалар ГОСТ 19185-73

  3.2.Билгичтиги:

ПСД сметаны түзүү, чийме чийүү;

— селди коркуннучсуз өткөрүү үчүн коргоочу курулмаларды өз убагында даярдоо жана кырсыктан алдын ала сактоону, же кырсыкты жок кылуу үчүн иш чараларды өткөрүү;

— дефектный актыларды, сметаларды жана иш чаралар боюнча зарыл жумуштар түзүү;

— толук оңдоо жумуштары өтө турган курулмалар үчүн долбоор иштеп чыгуу (эсептөө жана чиймилер);

— аналитикалык иш-кагаздарды түзүү;

— презентация жасоого жөндөмдүү

3.3.Көндүмдөрү:

— маалыматты талдоо, системалыштыруу жана жалпылоо;

— ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоноо билүү;

— геодезиялык инструменттерде иштөө, тиешелүү  жайларды сүрөткө түшүрүү

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:

  • Арыз (бош кызмат орунун так аталышы менен), резюме;
  • Өмүр баян;
  • Өздүк баракча сүрөтү менен;
  • Паспортунун же өздүктү күбөлөндүргөн документтинин көчүрмөсү;
  • Эмгек китепчисинин көчүрмөсү, кесиптик билиминин, илимий даражасын же илимий наамын тастыктоочу документтердин нотариус аркылуу же персоналды башкаруу кызматтары аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү.

Документтерди сынак жарыяланган күндөн тартып 5-жумушчу күнүнөн кечиктирбестен кадрлар бөлүмүнө тапшыруу керек.

Байланыш телефондор: (03222)73331; 0555112695

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here