2021-жылдын 12-октябрь саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
115 просмотров

Шашылыш билдирүү!

КР ЭКМКга караштуу Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык: 2021-жылдын 12-октябрында жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 76-82 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

КР ӨКМги тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 11-октябрь күнү №02-34/717-Т телефонограммасы чыгарылып тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КРнын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген. 

12-октябрь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

         Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысы-Көл облусунун кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 

КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 7 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 7 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган (Бишкек шаары 3, Чүй облусунда 2, Баткен облусунда 2 өрт кырсыгы катталган).

 

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9

10

11

Бишкек шаары

1.                4-ӨКБ

1 б.

1 11:24 11:30 11:37 12:12 12:30   Ленин району, Асаналиев көчөсү, эки кабаттуу имараттын биринчи кабатында 10 ч.м. электрик калканы түтөгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
2.                5-ӨКБ

1 б.

1 20:06 20:10 20:25 21:40 22:08   Биринчи Май району, Лев Толстой көчөсү, “Старт” кафе-барынын өзүнчө бөлмөдө жайгашкан 5 ч.м электрик калканы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
3.                28-ӨКБ

1 б.

1 02:47 02:56 03:35 03:47 04:08   Ленин району, Арча-Бешик конушу, Он-Арча көчөсү, жалпы аянты 30 ч.м. кампанын жана мончонун чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ.

Чүй облусу

4.                8-ӨКБ

1 б.

 

1 16:39 16:54 жеткенге чейин 17:40   Сокулук району, Ак-Жол айылы, жолдун жээгинде “Range Rover” үлгүсүндөгү автоунаасынын капотун күйүп кеткен. Өрттүн себеби: такталууда. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.
5.                7-ӨКБ

1 б

1 18:13 18:23 жеткенге чейин 19:08   Аламүдүн району, Көк-Жар конушу, Карагул-Ата көчөсү, от жагуучу бөлмөнүн 5 ч.м. жыгач шыбы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.

Баткен облусу

6.                74-ӨКБ

1 б

1 10:41 10:43 10:50 11:00 11:20   Лейлек району, Исфана шаары, борбор базарында дүкөндүн ичинде 4 ч.м. газ балон күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
7.                74-ӨКБ

1 б.

1 20:36 21:01 21:47 00:24 00:41   Лейлек району, Сумбула айыл аймагы, Искра айылы, аянты 324 ч.м. “Мурас” чайхананасы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ

 

 Куткаруу кызматтары тарабынан 6 чыгуу болгон (1 шахтанын газ чыккан жерине тосмо орнотуу, 1 суу каптоо, 1 жол кырсыгы, 3 эшик ачуу).

катар №

Аймак боюнча чыгуу саны Бөлүктүн аталышы Убактысы Маалымат берилген булак  

Дареги, маалыматы, өзгөчө кырдаалдын

келип чыгуу себеби, келтирилген материалдык чыгымдар

Эскертүү
чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

ордуна кайтып келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8

9

Ош шаары

1 1 КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматы 10:03 10:12 10:41 112 Куткаруучулар Байтемиров көчөсүндө жайгашкан №1А үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен. Эшик ачууга 4 куткаруучу тартылган.  
2 2 КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматы 10:46 10:52 11:52 102 Куткаруучулар Масалиев көчөсүндө жайгашкан №96 үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен болжол менен 40-45 жаштагы. К.В. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Эшик ачууга 4 куткаруучу тартылган.  
3 3 КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматы 11:52 11:59 12:24   Куткаруучулар Абакир уулу Төрөбек көчөсүндө жайгашкан №31Б үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен. Эшик ачууга 4 куткаруучу тартылган.  

Чүй облусу

4 1 КР ӨКМнин

№5 ӨКБ

 

21:15 21:25 22:40   Кемин районунун Орловка шаарында сугат каналынан суу ашып, Садовая көчөсүнүн №15 турак үйдүн короосун каптаган. Жерине 4 куткаруучу тартылып, каналдагы суунунун нугун буруп, кырдаалды жоюшкан.  

Баткен облусу

5 1 КР ӨКМнин ТКККнын

№1 ӨМТККВ

10:35 11:35 19:40 шахтанын мүдүрү Сүлүктү шаарындагы ЖЧК “Ак-Тилек” шахтасынан газ чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине КР ӨКМнен 7 куткаруучу тартылып, тосмо орнотуп беришкен.  

Ош облусу

6 1 КР ӨКМнин Кара-Суу райондук ӨК бөлүмү 15:48 16:40 21:25 айыл өкмөттүн башчысы Кара-Суу районунун Папан айыл аймагындагы Ош-Папан-Кожокелен унаа жолунун 24-чакырымында көмүр жүктөгөн Хово үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа көпүрөдөн өтүп баратып, көпүрө менен кошо түшүп кеткен. Натыйжада жабыркагандар жок. Жергиликтүү тургундар айланма жол аркылуу өтүп жатат. Жерине тактоо иштерин жүргүзүүгө КР ӨКМнен Кара-Суу райондук ӨК бөлүмүнүн башчысы, №21 ЖТИнин башчысы жана ИИМден 3 кызматкер тартылып, көпүрөнүн алдына тосмолорду орнотушкан, ал эми оор жүк ташуучу унааны чыгаруу жана көпөрүнө оңдоо иштери 12-октябрь күнү №21 ЖТИ тарабынан башталат.  

 

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here