2021-жылдын 20-октябрь  саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
93 просмотров

Шашылыш билдирүү!

КР ЭКМКга караштуу Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык: 2021-жылдын 21-октябрында күндүз жана 22-23-октябрларда аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан, 22-октябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 22-октябрда жана  23-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

2021-жылдын 22-23-октябрларда жана 24-октябрда түнкүсүн абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2°, күндүз 1…6° жылуу, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 0…5° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -2…+3°, күндүз 4…9° жылуу, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 1…6° жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз 0…5° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -4…-9° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба-ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

КР ӨКМги тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 19-октябрь күнү №02-34/730-Т телефонограммасы чыгарылып тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КРнын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген. 

2021-жылдын 20-октябрь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. 

КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 9 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган (Ысык-Көл облусунда 2, Талас облусунда 2, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 3).

 

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

     
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10

11

Ош облусу

1.                103-ӨКБ

1 б

1 07:12 07:30 07:50 09:53 10:30   Өзгөн району, Куршаб айыл аймагы, Шагым айылы, Исаков көчөсү, жалпы аянты 144 ч.м. болгон турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү. 1ствБ
2.                71-ӨКБ

1 б

1 01:33 01:36 02:13 02:20 02:45   Ноокат району, Гүлистан айыл аймагы, Гулистан айылы, Ноокат-Кызыл-Кыя унаа жолунда жыгач устундуу тунуке жабылган азык-түлүк дүкөндүн 108 ч.м. чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ

Жалал-Абад облусу

3.                20-ӨКБ

1 б

1 07:56 08:00 08:01 08:05 08:23   Жалал-Абад шаары, Ч.Айтматов көчөсү, көп кабаттуу үйдүн жанында “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү жеңил унаасынын башкаруу панели күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. кол каражат
4.                54-ӨКБ

1 б

1 14:06 14:08 14:20 15:10 15:23   Көк-Жаңгак шаары, Крупский көчөсү, турак үйдүн короосунда жыйылган 250 түк чөп жана 5 сотык куураган чөп күйгон. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
5.                46-ӨКБ

1 б

1 01:02 01:06 01:10 04:12 04:20   Тогуз-Торо району, Тогуз-Торо айыл аймагы, Казарман айылы, Алымбабаев көчөсү, турак үйдүн короосунда жыйылган 550 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Ысык-Көл облусу

6.                39-ӨКБ

1 б

1 08:27 08:50 09:05 09:50 10:32   Ак-Суу району, Боз-Учук айылы, Муканов көчөсү, жаңы курулуп жаткан турак үйдүн ичинде 150 түк чөп жана 2 устун күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ
7.                36-ӨКБ

1 б

1 18:33 18:40 18:50 19:40 20:10   Жети-Өгүз району, Кызыл-Суу айылы, Красновосточный көчөсү, сарайдын ичинде жыйылган 200 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствб

Талас облусу

8.                100-ӨКБ

1 б

1 17:17 17:22 17:29 17:37 18:10   Манас району, Покровка айылы, Койашев көчөсүндө унаанын чиркөөсүндө жыйылган 1 тонна фасольдун сабагы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
9.                17-ӨКБ

1 б

1 22:14 22:16 22:26 22:40 23:16   Талас шаары, Сарыгулов көчөсүндө жайгашкан тез тамактануучу жайдын 12 ч.м. жыгач жасалгасы жана тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

 

Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болгон (1 издөө иши,  3 эшик ачуу).

катар №

Аймак боюнча чыгуу саны Бөлүктүн аталышы Убактысы Маалымат берилген булак  

Дареги, маалыматы, өзгөчө кырдаалдын

келип чыгуу себеби, келтирилген материалдык чыгымдар

Эскертүү
чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

ордуна кайтып келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8

9

Бишкек шаары

1 1 КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматы

№1 ӨКБ

09:05

 

 

 

10:11

09:25

 

 

 

10:39

16:53

 

 

 

18:14

102 Октябрь районунда 10-октябрь күнү Ч.Валиханов көчөсүндө каналга (быстроток) 1986-ж.т. С.Т. аттуу эркек киши түшүп кеткен. 19-октябрь күнү КР ӨКМнен 8 куткаруучу тартылды.  20-октябрь күнү издөө иштери улантылат.  
2 2 КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматы 16:53 17:27 18:19 103 Октябрь районунда куткаруучулар Тунгуч кичи районунда жайгашкан №59 үйүнүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен. Эшик ачууга 5 куткаруучу тартылган.  

Жалал-Абад облусу

4 1 КР ӨКМнин РӨКОнун №2 ӨИКО 19:52 19:55 20:12   Таш-Көмүр шаарында куткаруучулар Кичи-Курулуш кичи районунда жайгашкан №33 үйүнүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен. Эшик ачууга 6 куткаруучу тартылган.  
5 2 КР ӨКМнин

№97 ӨКБ

 

04:06 04:09 04:20   Токтогул районунда куткаруучулар Токтогул шаарынын Абдысүйөркулов көчөсүндө жайгашкан №32 үйүнүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен. Эшик ачууга 4 куткаруучу тартылган.  

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here