Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды

0
33 просмотров

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 07:04тө Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Ысык-Көл районунун Кашат, Көк-Дөбө, Григорьевка, Семеновка, Ананьево айылдарында 2,5 балл, Темировка жана Корумду айылдарында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here