Ысык-Көл: Пансионаттан өрт чыкты

0
45 просмотров

21-октябрь күнү саат 03:55те Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында «Роял Бич» пансионатынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылды. Өрт саат 04:52де чектөөгө алынып,  06:35те толук өчүрүлдү.

Өрттүн кесепетинен жыгач устундуу шифер менен жабылган пансионаттын 20 ч.м чатыры, 150 ч.м. кампасы жана ичинде курулуш материал, унаа тетиктери күйгөн. Себеби такталууда. Жабыркагандар жок.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here