2021-жылдын 22-октябрь саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
91 просмотров

Шашылыш билдирүү!

КР ЭКМКга караштуу Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык: 2021-жылдын 22-23-октябрында аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан, 22-октябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 22-октябрда жана  23-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

2021-жылдын 22-23-октябрында жана 24-октябрда түнкүсүн абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2°, күндүз 1…6° жылуу, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 0…5° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -2…+3°, күндүз 4…9° жылуу, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 1…6° жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз 0…5° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -4…-9° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба-ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

КР ӨКМги тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 19-октябрь күнү №02-34/730-Т телефонограммасы чыгарылып тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КРнын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген. 

2021-жылдын 22-октябрь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 

Сейсмологиялык абал боюнча

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 13:26да Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Аксы районунун Кашка-Суу, Кызыл-Капчыгай, Жаңы-Айыл айылдарында 2,5 балл, Жылгын, Тегирмен-Сай, Товар-Сай, Коргон, Авлетим, Мукур, Жерге-Тал, айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

Алдын ала алынган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

     Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 17 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 21 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган (Бишкек шаарында 5, Чүй облусунда 4, Нарын облусунда 2, Ош шаарында 2, Ош облусунда 1, Баткен облусунда 1, Талас облусунда 2).

15:

 

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9

10

11

Бишкек шаары

1.                28-ӨКБ

1 09:28 09:36 09:39 09:52 10:02 Октябрь району, Ч.Айтматов жана

Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде ачык аянтта 50 ч.м. куураган чөп күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда.

1ствБ
2.                5-ӨКБ

1 11:20 11:47 Жеткенге чейин 12:23 Октябрь району, Э.З.Гареев атындагы ботаникалык бакчада куурааган чөптөн чыккан өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.
3.                7-ӨКБ

1 18:52 19:02 19:12 19:25 19:38 Октябрь району, 7-апрель көчөсү, ЧЧКнын жээгинде 100 ч.м. куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
4.                5-ӨКБ

1 б

1 00:11 00:18 00:22 00:30 Биринчи Май району, Фатьянов көчөсү, таштанды таштоочу жайда таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
5.                7-ӨКБ

1 б

5-ӨКБ

3-ӨКБ

1 05:11

 

05:22

 

05:31

05:18

 

05:37

 

05:45

06:21 08:00  

 

07:25

 

07:08

Октябрь району, Көк-Жар конушу, Арстанбап көчөсү, жыгач устундуу темир менен жабылган  турак үйдүн  200 ч.м. чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

1ствА

Чүй облусу

6.                24-ӨКБ

21-ӨКБ

1

 

1

09:47

 

10:28

10:38

 

10:38

11:18 13:38 13:56

 

12:42

Чуй району, Ак-Бешим айылы, Ташбаева көчөсү, короодо жыйылыган 400 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: балдардын от менен шоктугу. 2ствБ
7.                23-ӨКБ

1 18:25 18:29 18:35 18:55 19:05 Сокулук району, Сокулук айылы, Фрунзе и Мира көчөлөрүнүн кесилишинде ачык аянтта 15 ч.м. таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
8.                27-ӨКБ

1 22:23 22:27 22:42 23:07 23:37 Ысык-Ата району, Кант шаары, Ленин көчөсү, батиринин балконунда муздаткыч, жылыткыч, 2 матрас жана кийим-кече күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
9.                15-ӨКБ

1 23:01 23:28 23:59 00:40 02:05 Москва району, Александровка айылы, Фрунзе көчөсү, жыгач устундуу шифер менен жабылган 50 ч.м. бастырма күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Талас району

10.           93-ӨКБ

1 17:43 17:55 Жеткенге чейин 18:40 Бакай-Ата району, Ак-Назар айыл аймагы, Маданият айылы, Манас көчөсү, турак үйдүн 2 ч.м. шыбы күйгөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн. 
11.           17-ӨКБ

1 03:02 03:06 04:04 06:19 06:25 Талас шаары, Панфилова көчөсү, “Солнышко” бала бакчасынын кампасында 2 тонна көмүр күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Нарын облусу

12.           16-ӨКБ

1 б

1 15:53 Жеткенге чейин 16:10 Нарын району, Жерге-Тал айыл аймагы, Жерге-Тал айылы, ачык аянтта куураган чөптөн чыккан өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.
13.           42-ӨКБ

1 б

1 21:43 22:00 22:10 22:35 23:05 Кочкор району, Кара-Тоо айылы, Көк-Талаа тилкеси, “ВАЗ 2106” үлгүсүндөгү  жеңил унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска чыңалуусу. 1ствБ

Ош шаары

14.           12-ӨКБ

109-ӨКБ

1

 

1

09:27

 

09:33

09:45

 

09:51

10:02 11:26 12:27

 

11:27

Жапалак айыл аймагы, Арек айылы, Усубалиев көчөсү, жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн 90 ч.м. чатыры, аянты 38 ч.м. болгон конок бөлмөсү жана кире бериш бөлмөсү күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 3ствБ
15.           85-ӨКБ

1 19:23 19:28 Жеткенге чейин 20:15 Исанов көчөсү №41, батирден чыккан өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.

Ош облусу

16.           13-ӨКБ

1 12:54 13:05 13:15 13:30 13:50 Кара-Суу району, Шарк айыл аймагы, Падаван айылы, Халматов көчөсү №48, короодо жыйылган 200 боо жүгөрү сабагы күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Баткен облусу

17.           74-ӨКБ

1 00:20 00:38 00:58 01:12 01:25 Исфана шаары, Тыныбеков көчөсүндө электр мамычалары күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

  Куткаруу кызматтары тарабынан 5 чыгуу болгон (1 издөө иши, 1 жол кырсыгы, 1 жүргүнчүлөргө жардам берүү, 1 баланын манжасын чыгарып берүү, 1 жансыз денени чыгаруу).

катар №

Аймак боюнча чыгуу саны Бөлүктүн аталышы Убактысы Маалымат берилген булак  

Дареги, маалыматы, өзгөчө кырдаалдын

келип чыгуу себеби, келтирилген материалдык чыгымдар

Эскертүү
чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

ордуна кайтып келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8

9

Бишкек шаары

1 1 КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматы

№23 ӨКБ

09:25

 

 

 

11:12

09:40

 

 

 

11:40

17:35

 

 

 

18:20

102 Октябрь районунда 10-октябрь күнү Ч.Валиханов көчөсүндө каналга (быстроток) 1986-ж.т. С.Т. аттуу эркек киши түшүп кеткен. 21-октябрь жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 9 куткаруучу тартылды. 22-октябрь күнү издөө иштери улантылат.  

Ош облусу

2 1 КР ӨКМнин

№102 ӨКБ

19:54 20:21 21:31 112 Кара-Суу районунун Мамажан айылынын Негизги көчөсүндө жайгашкан  «Акылман-Бөбөк» атындагы бала бакчанын балдар аянтчасында 2014-ж.т. С.Э аттуу баланын темирге манжасы кыпчылып калган. Куткаруучулар баланын кыпчылып калган манжасын чыгарышып тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Жерине 3 куткаруучу тартылган.  

Баткен облусу

3 1 КР ӨКМнин

№62 ӨКБ

19:07 19:10 20:07 112 Кызыл-Кыя шаарынын Кулатов көчөсүндө Daewoo Labo жана Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кырсыктын кеспетинен 4 адам жабыркаган (4 аял: 1971-ж.т. О.Т., 1973-ж.т. К.Ж., 1974-ж.т. З.Б., 1984-ж.т. С.Н.) Жабыркаган жарандар жолдо бара жаткан унаалар аркылуу Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жеткирилген. Жерине 3 куткаруучу тартылып, аталган жарандардын аты-жөндөрүн такташкан.  
4 1 КР ӨКМнин

№26 ӨКБ,

№3 ӨИКО

16:54 17:02 20:40 102 Баткен районунун Бужум айылынын Өрүкзар көчөсүнүн №57 дарегинде жайгашкан турак үйдүн ажаатканасынан 1988-ж.т. Т.Ж. жарандын жансыз денесин чыгарышып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жерине Баткен райондук №26 ӨКБдан 5 куткаруучу, РӨКОнун №3 ӨИКОдон 8 куткаруучу тартылган.  

Жалал-Абад облусу

5 1 КР ӨКМнин

№97 ӨКБ

03:10 06:19 112 Токтогул районунун Бишкек-Ош унаа жолунун 219-чакырымында (Ала-Бел ашуусу) 2 Тойота-Эстима унаасы (бузулуп эмес) жайкы дөңгөлөктөр менен чыгып жолдо тыгылып калган. Жерине Токтогул райондук №97 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, унааларды Токтогул районун карай артка кайтарышкан. Куткаруучулар учурда Ала-Бел ашуусунда унаа жолдун абалын байкоо үчүн иш алып барууда.  

 

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here