Чүй: Өрт тактикалык машыгуу

0
43 просмотров

21-октябрь күнү Токмок шаарынын өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан Ж.Баласагын атындагы Кыргыз-Түрк лицейинде өрт тактикалык  машыгуу өткөрүлдү.

Машыгуунун негизинде, шарттуу түрдө, башкы имаратынын бөлмөлөрүнүн биринде өрт чыгып, бир окуучу жаракат алып, имараттан чыга албай калган.  Өрттү өчүрүү жана куткаруу ишине  №21 ӨККБнөн эки бөлүм, бир авариялык куткаруу унаасы тартылды. Өрт өчүрүлүп, жабыркаган окуучуну куткаруу иши жүргүзүлдү.  “Кызыл Жарым Ай” коомунун ыктыярчылары тарабынан жабыркоочуга биринчи медициналык жардам көрсөтүү эрежелери түшүндүрүлүп, практика жүзүндө көрсөтүлдү .

Ошондой эле жогорку класстардын  окуучулары арасында өрт өчүрүүчүнүн атайын кийимин ылдамдыкка кийүү, өрт өчүргүчтү колдонуу боюнча конкурстар өткөрүлдү. Кенже класстар арасында өрт коопсуздугу тематикасында викторина өткөрүлдү. Өрт тактикалык окуулардын  аягында окуучуларга грамоталар тапшырылды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here