2021-жылдын 25-октябрь саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат 

0
96 просмотров

2021-жылдын 25-октябрь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт. 

Сейсмологиялык абал боюнча

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 24-октябрь күнү саат 21:57де Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз, Ырдык, Подгорное айылдарында 3 балл, Каракол шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

     Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 9 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган (Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 4, Ош облусунда 1, Ош шаары 1, Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда 1).

1ствБ

 

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9

10

11

Бишкек шаары

1.                28-ӨКБ

1

 

10:43 10:55 11:04 11:21 11:45   Октябрь району, 10-кичи району, люктун ичинде 10 ч.м. таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Чуй облусу

2.                5-ӨКБ

1 19:26 19:33 19:38 20:00 20:15   Кемин району, Кемин шаары, Восточная көчөсү, короодо жыйылган 3 тонна тезек, 10 ч.м. куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
3.                1-ӨКБ

1 03:40 03:55 04:15 04:25 04:40   Аламүдүн району, Мыкан айылы, ачык аянтта 50 ч.м. куураган чөп жана таштанды күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
4.                6-ӨКБ

8-ӨККБ

камаз

1 03:57

 

04:21

04:17

 

05:00

05:39 07:00 07:47

 

07:47

  Сокулук району, Ак-Ордо конушу, Кашка-Суу көчөсү, жалпы аянты 100 ч.м. болгон турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

1ствА

5.                27-ӨКБ

1 20:19 20:40 21:03 21:35 22:33   Ысык-Ата району, Милянфан айылы, Фрунзе көчөсү, жыгач устундуу темир менен жабылган турак үйдүн 80 ч.м. чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ

Ош шаары

6.                12-ӨКБ

1 12:11 12:14 12:35 13:00 13:06   Г.Айтиев көчөсү, Сулайман-Тоонун түштүк тарабында ачык аянтта 3га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. Кол каражат

Ош облусу

7.                25-ӨКБ

1 04:34 04:47 04:52 05:10 05:58   Кара-Суу району, Савай айыл аймагы, Кен-Сай айылы, турак үйдүн 20 ч.м.  ашкана бөлмөсү, ашкана эмереги, аристон, муздаткыч, газ баллон күйгөн.  Өрттүн себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу. 1ствБ

Жалал-Абад облусу

8.                59-ӨКБ

1 05:22 05:31 05:34 06:13 06:43   Сузак району, Багыш айыл аймагы,  Октябрь айылы, Комсомольская көчөсү, жалпы аянты 24 ч.м. болгон жыгач устундуу тунуке менен жабылган бастырма жана жумшак эмерек, 2 кир жуугуч машина, 8 килем толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Баткен облусу

9.                31-ӨКБ

1 06:57 07:10 Баткен району, Самаркандек айыл аймагы, Паска-Арык айылы, турак үйдөн өрт чыгып жатат деген маалымат түшкөн, учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

 

Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болгон (1 жол кырсыгы, 1 суудан жансыз денени чыгаруу, 2 эшик ачуу):

катар № Аймак боюнча чыгуу саны Бөлүктүн аталышы Убактысы Маалымат берилген булак  

Дареги, маалыматы, өзгөчө кырдаалдын

келип чыгуу себеби, келтирилген материалдык чыгымдар

Эскертүү
чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

ордуна кайтып келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8

9

Бишкек шаары

1 1 КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматы

 

13:23 13:27 14:00   Биринчи Май районунда куткаруучулар Юг-2 кичи районунда жайгашкан №21 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1953-ж.т. Ч.И. аттуу аял кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Эшик ачууга 4 куткаруучу тартылган.  

Чүй облусу

2 1 КР ӨКМнин

№27 ӨКБ

14:08 14:21 15:09   Ысык-Ата районунда куткаруучулар Кант шаарынын 2-кичи районунда жайгашкан №15 үйүнүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен. Эшик ачууга 3 куткаруучу тартылган.  
  2 КР ӨКМнин

№1 ӨКБ

38 15:10 15:38 112 Аламүдүн районунун Аламүдүн айылынын Алма-Ата көчөсүндө Чоң Чүй каналында (БЧК) белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 3 куткаруучу тартылып, суудан болжол менен 45-50 жаштагы азиат улутундагы эркек кишинин (аты-жөнү такталууда) жансыз денесин чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.  

Ысык-Көл облусу

6 1 КР ӨКМнин

№ 38 ӨКБ

08:55 10:00 11:40 102 Тоң районунун Кырчын тилкесинде ГЭС курулуп жаткан жерге жүк ташып баражаткан  КамАЗ унаасы сайга кулап кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1 эркек киши (аты жөнү такталууда) каза болуп, 4 эркек киши (аты жөндөрү такталууда) жабыркаган. Жерине 5 куткаруучу тартылып каза болгон адамдын жансыз денесин унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен ал эми жабыркаган адамдар менчик унаа менен ооруканага жеткирилген.  

 

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here