Таалайбеков Жакшылык Сербия Республикасында дүйнөлүк чемпионатка катышууда

0
30 просмотров

Белградда (Сербия) өтүп жаткан бокс боюнча Дүйнө чемпиондугун Жакшылык Талайбеков жеңиш менен баштады.

Талайбеков турнирде 67 килограммга чейинки салмак ченинде 1/32 финалдан баштаган.

Камерундук атаандашын үчүнчү раунддун башында утуп алган, ошондой эле Талайбеков 1/16 финалга чейин жетип, 28-октябрда Иорданиялык мушкер менен беттешет.

Эске салсак, Жакшылык Талайбеков КР ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын Калкты жана аймактарды коргоо бөлүмүндө улук офицер болуп кызмат өтөп келет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here