2021-жылдын 13-ноябрь саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
282 просмотров

2021-жылдын 13-ноябрь күнү республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусу

Нарын районундагы Нарын-Орук-Там унаа жолун кыш мезгилинде аба-ырайынын жана жол шартынын катаалдыгынан тейлөөгө мүмкүн болбогондугуна, кар көчкү түшүү коркунучу жаралгандыктан жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана материалдык чыгымдардын болушуна жол бербөө максатында, Нарын РМАнын башчысы-акимдин 2021-жылдын 10-ноябрындагы №223Б буйругунун негизинде Нарын-Орук-Там унаа жолунун 45-чакырым аралыгынан Капчыгай бөлүгүнүн 75-чакырымына чейин 2021-жылдын 11-ноябрынан тартып жабылды.

Сейсмологиялык абал боюнча

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2021-жылдын 12-ноябрында саат 07:38де Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Төш, Арал, Жар-Кыштак айылдарында 3,5 балл, Базар-Коргон жана Жалал-Абад шаарларында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

    КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

     Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 18 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 22 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган (Бишкек шаарында 3, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 6, Ысык-Көл облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 4, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталган).

 

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10

11

Бишкек шаары

1.                28-ӨКБ

1 б

1 15:24 15:34 15:50 16:05 16:30   Ленин районунда Арча-Бешик конушу, Барыктабасов көчөсү, турак үйдүн ашканасынын 5 ч.м. жыгач шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
2.                3-ӨКБ

1 б

1 23:49 23:55 23:59 00:08 00:26   Свердлов району, Саратов көчөсү, сарайдын ичинде 25 ч.м. таштанды жана эски диван күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
3.                3-ӨКБ

1 б

1 03:31 03:34 03:53 04:14 04:45 112 Свердлов району, Восток-5 кичи району, Мамбетов көчөсү, мөмө-жемиш сатуучу дүкөндүн  40 ч.м. пластик шыбы, ички жасалгасы жана жыгач текчелери күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Ош шаары

4.                12-ӨКБ

1 б

1 б

1 23:38

 

23:47

23:52

 

00:05

00:13 01:21 01:32

 

01:32

  Ак-Тилек кичи району, 30-көчө, үй, жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 40 ч.м. чатыры жана 60 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ

Чүй облусу

5.                7-ӨКБ

1 б

3-ӨКБ

1 б

ЫНБ

1 14:31

 

14:37

 

14:37

14:41

 

14:44

 

14:45

15:08 16:10 17:05

 

15:24

 

15:50

  Аламүдүн району, Лебединовка айылы, Жеңиш проспекти, жыгач устундуу темир жабылган “Алтын-Казына” ресторанынын 10 ч.м. чатыры, бастырманын 30 ч.м. пластик чатыры жана 6 даана дөнгөлөк күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ
6.                5-ӨКБ

1 б

1 19:00 19:18 19:33 19:45 20:12   Кемин району, Борду айылы, Сурантаев көчөсү, жалпы аянты 15 ч.м. болгон бастырма жана 5 куб тезек күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
7.                24-ӨКБ

1 б

1 22:45 23:21 жеткенге чейин 00:25   Чүй району, Кош-Кашат айылы, Сүйүнбаев көчөсү, турак үйдүн короосунда боз үй күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.
8.                6-ӨКБ

1 б

1 01:09 01:30 01:42 02:32 03:06   Сокулук району, Чоң-Жар айылы, Термечиков көчөсү, фельдшердик-акушердик пунктун 5 ч.м. жыгач полу күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
9.                2-ӨКБ

1 б

1 02:24 02:34 жеткенге чейин 03:02   Панфилов району, Панфилов айылы, борбордук көчөдө жайгашкан ашкананын электр калканы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.
10.           22-ӨКБ

1 б

1 б

1 04:10

 

04:57

04:47

 

05:02

05:30 06:40 07:12

 

05:58

  Жайыл району, Кара-Балта шаары, Целинный көчөсү, жалпы аянты 100 ч.м. болгон сарай жана Токтогул көчөсү №79 жайгашкан жыгач устунду шифер жабылган сарайдын 20 ч.м. чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ

Ош облусу

11.           68-ӨКБ

1 б

1 01:03 01:10 01:15 03:08 03:38   Алай району, Гүлчө айыл аймагы, Гүлчө айылы, Бокеев көчөсү, турак үйдүн 40 ч.м. ашкана бөлмөсү жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Жалал-Абад облусу

12.           83-ӨКБ

1 б

1 14:52 14:58 жеткенге чейин 15:35   Майлуу-Суу шаары, Кутманова көчөсү,  көп кабаттуу үйдүн 9-батиринин балконунда кийим-кече күйгөн. Өрттүн себеби: балдардын от менен болгон шоктугу.
13.           58-ӨКБ

1 б

1 16:11 жеткенге чейин 16:18   Жалал-Абад шаары, Көк-Арт кичи району, иштебей калган пахтаны кайра иштетүүчү цехтен өрт чыгып бөлүм жеткенге чейин өчкөн.
14.           46-ӨКБ

1 б

1 01:21 01:25 жеткенге чейин 02:02   Тогуз-Торо району, Каргалык айыл аймагы, Казарман айылы, Жээналиев көчөсү, көп кабаттуу үйдүн 44-батиринде электр жылыткыч, палас жана төшөнчүлөр күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.
15.           54-ӨКБ

1 б

1 03:58 04:05 04:11 04:29 04:56   Сузак району, Көк-Жаңгак шаары, Спутник кварталы, Октябрга 60 жаш көчөсү, фин тибинде салынган турак үйдүн 4 ч.м. дубалы күйгөн. Өрттүн себеби: мешти пайдаланууда өрт коопсуздук эрежесинин бузулушу. 1ствБ

Ысык-Көл облусу

16.           39-ӨКБ

1 б

15-ӨКБ

1 б

1 08:40

 

08:57

08:46

 

09:07

 

09:43 10:20 11:37

 

10:30

  Ак-Суу району, Маман айылы, Бакалов көчөсү, жыгач устундуу темир жабылган сарайдын 225 ч.м. чатыры 800 кг валерианка даары чөбү жана тиричилик электр шаймандары күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска чыңалуусу. 2ствБ
17.           36-ӨКБ

1 б

1 09:28 09:35 09:45 10:15 10:36   Жети-Өгүз району, Кызыл-Суу айылы, таштанды таштоочу жайда 10 ч.м. таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
18.           39-ӨКБ

1 б

1 12:21 12:39 12:46 12:52 13:23   Ак-Суу району, Бөрү-Башы айылы, Пржевальск көчөсү, турак үйдүн короосунда жыйылган 80 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

 

Куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болгон (1 жаран өз өмүрүн кыйууга аракет кылган):

катар № Аймак боюнча чыгуу саны Бөлүктүн аталышы Убактысы Маалымат берилген булак  

Дареги, маалыматы, өзгөчө кырдаалдын

келип чыгуу себеби, келтирилген материалдык чыгымдар

Эскертүү
чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

ордуна кайтып келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9

Ош шаары

1 1 КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматы 20:50 21:00 21:34 112 Спортивный көчөсүнүн №1 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынан 1986-ж.т. К.А. аттуу эркек киши балкондон секирип өз өмүрүн кыйууга аракет кылган. Тарталыган куткаруучулар туугандары менен биргеликте жогоруда аталган жаранды түшүрүп алышкан. Жерине 4 куткаруучу тартылган.  

 

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР.

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here