2021-жылдын 17-ноябрь саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
296 просмотров

17-ноябрь күнү республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

I.Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал

Ош облусу

Кара-Суу районунда 2021-жылдын 16-ноябрь күнү саат 11:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 661-чакырымында (Кыргыз-Чек айылы) 3 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган Мерседес-Бенц Гигант, Мерседес-Бенц Спринтер жана Daewoo Nexia.

Жол кырсыктын кесепетинен 16 адам ар кандай жаракаттарды алышып (6 эркек: 1986-ж.т. Н. К., 1985-ж.т. М.Ж., 1995-ж.т. Ч.К., 1981-ж.т. Ш.Ү., 1996-ж.т. А уулу И., 1997-ж.т. Ж уулу А., 6 аял: 1995-ж.т. М кызы Ч., 1963-ж.т. Т.А., 1989-ж.т. М.А., 1994-ж.т. М кызы Н., 1999-ж.т. Э кызы Г., 2000-ж.т. А.Г., 4 жаш балдар: 2014-ж.т. З.Ж., 2016-ж.т. Т.А, 2021-ж.т. С.Н., 2011-ж.т. М.А.), 7 адам каза болгон (2 эркек: 1961-ж.т. О.А., 1970-ж.т. А.Ж., 5 аял: 1965-ж.т. М.Г., 1960-ж.т. Т.О., 2001-ж.т. Н.Б., 20-25 жаштагы кош бойлуу аял жана 20-25 жаштагы аял). Жабыркаган жарандардын ичинен 4 жаш балдар Ош облустук балдар клиникалык ооруканасына, 12 адам Ош шаардык жана облустук ооруканасына жаткырылган. Ал эми каза болгон жарандардын жансыз денелери Ош облустук ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилген.

Жерине КР ӨКМнин орун басары А.Мазарипов, Ош облустук башкармалыгынын башчысы п-к Н.Шаматов, Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан жана Кара-Суу райондук №102 ӨКБнөн 8 куткаруучу, ИИМ жана тез жардам кызматкерлери тартылган.

Куткаруучулар жабыркаган жарандарды унаадан чыгарышып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Сейсмологиялык абал боюнча

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 17-ноябрь күнү саат 04:34тө Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ош облусунун Ноокат районунун Сөгөт, Будайлык айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 11 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган (Жалал-Абад облусунда 5, Баткен облусунда 4, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталган).

 

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Ысык-Көл облусу

1.                19-ӨКБ

1 б

1 19:06 19:12 19:24 19:41 20:22 Балыкчы шаары, Калдыбаева көчөсү, короодо жыгач устундуу шифер менен жабылган 16 ч.м. сарайдын чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Жалал-Абад облусу

2.                55-ӨКБ

1 б

1 10:38 10:48 10:52 12:05 12:39 Ноокен району, Масы айыл аймагы, Масы айылы, Курманбаев көчөсү, жыгач устундуу тунуке менен жабылган турак үйдүн 110 ч.м., 5 эшик, 5 терезе, 1 жумшак эмерек, 15 төшөк, 1 шкаф, 53 рейка күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ
3.                30-ӨКБ

1 б

1 11:58 12:06 12:07 12:53 13:24 Аксы району, Назаралиев айыл аймагы, Шералиев көчөсү, жыгач устундуу шифер менен жабылган аянты 12 ч.м. болгон эт сатуучу дүкөн толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска чыңалуусу. 1ствБ
4.                65-ӨКБ

1 б

1 15:50 16:08 16:13 17:03 17:53 Сузак району, Кызыл-Туу айыл аймагы, Мундуз айылы, Тургунбай көчөсү, жыгач устундуу шифер менен жабылган 67 ч.м. бастырманын чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: балдардын от менен шоктугу. 1ствБ
5.                58-ӨКБ

1 б

1 19:04 19:06 19:08 19:54 20:02 Жалал-Абад шаары, Спутник кичи-шаарчасы, “Береке” дүкөндүн жанында таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
6.                46-ӨКБ

1 б

1 б

10 кут.

Штаб

АЦ-30

 

1

 

 

00:12

 

00:34

00:30

00:34

02:30

00:59

 

01:18

01:18

01:18

03:11

01:03 07:10   07:45

 

04:28

Тогуз-Торо району, Каргалык айыл аймагы, Чет-Булак айылы, М.Абдыжапаров атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин чатырынан өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө РЭТ кызматынан 2 кызматкер, ИИМ кызматынан 5 кызматкер, жергиликтүү тургундардардан 30 адам,  ЖЧК “Макмал Голд Компани” ишканасынан 1 даана өрт өчүрүүчү  АЦ-30 автоунаасы тартылган.     —

Баткен облусу

7.                62-ӨКБ

1 б

1 19:34 19:40 19:47 19:57 20:28 Кызыл-Кыя шаары, Кулатов көчөсү, ачык аянтта 30ч.м. таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
8.                62-ӨКБ

1 б

1 21:37 21:49 21:56 22:07 22:22 Кызыл-Кыя шаары, 1-кичи району, ачык аянтта 10ч.м. таштанды күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
9.                26-ӨКБ

1 б

1 00:25 00:32 00:50 02:10 02:58 Баткен шаары, Чет-Булак кварталы, Айгүл Гүлү көчөсү, короодогу бастырмада 84 ч.м. жыйылган жүгөрү күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
10.           62-ӨКБ

1 б

1 01:36 01:46 01:53 01:58 02:25 Кызыл-Кыя шаары, 15-кичи району,  “Азирети-Нух” мечиттин 18 ч.м. пол жана дубалы күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын чыңалуусу. 1ствБ

 

 Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болгон (1 жол кырсыгы, 1 суу түтүгүнөн аккан сууну токтотушкан).

катар №

Аймак боюнча чыгуу саны Бөлүктүн аталышы Убактысы Маалымат берилген булак  

Дареги, маалыматы, өзгөчө кырдаалдын

келип чыгуу себеби, келтирилген материалдык чыгымдар

Эскертүү
чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

ордуна кайтып келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8

9

Баткен облусу

2 1 КР ӨКМнин

№62 ӨКБ

10:55 11:04 12:42 Кызыл-Кыя шаарынын 1-кичи районунда жайгашкан №7 көп кабаттуу турак үйдүн жер төлөөсүндө суу түтүкчөсү жарылып, суу толуп баштаган. Жерине 3 куткаруучу жана Суу чарба кызматкерлери тартылып, жарылган түтүкчөсүн бекитип сууну токтотушкан.  

 

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here