2021-жылдын 18-ноябрь саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат  

0
474 просмотров

18-ноябрь күнү республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда  Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда  кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Талас облусу

Манас районунда 17-ноябрь күнү саат 14:30 чамасында ылдамдыгы секундасына 20-25 метрге жеткен катуу шамал катталып, Кыргызстан айыл аймагынын Талас айылынын Цыренин орто мектебинин спортзалынын 120 ч.м. тунуке чатырын, Көк-Дөбө айылынын Дүйшөнбиев орто мектебинин 30 ч.м. шифер менен жабылган чатырын учуруп, Покровка айыл аймагынын Бала-Саруу айылындагы орто мектебинин 100 ч.м. чатырын, Үч-Коргон а/а Кызыл-Жылдыз айылынын Рахманбердиев орто мектебинин 120 ч.м. чатырын учурган.

Ошондой эле Кара-Буура районунун Жоон-Дөбө айылынын Р.Осмонов орто мектебинин чатыры учуп, 2 электр карагайы кулаган.

Шамалдын кесепетинен Манас районунун Май айылында терек кулап, 1975-ж.т. Т.З. аттуу эркек адам каза болгон.

Жеринде райондук Жарандык коргонуунун комиссиясы жана Манас районунун ӨК бөлүмүнүн башчысы тартылып, тактоо иштерин жүргүзүшкөн.

 Чүй облусу

Ысык-Ата районунда 2021-жылдын 17-ноябрь саат 17:10 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт айланма (объездная) унаа жолунун 20-чакырымында УАЗ үлгүсүндөгү жана Тойота Ипсум үлгүсүндөгү катышуусунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктын кесепетинен жеринде 3 адам каза болуп (эки аял жана бир эркек киши), 6 адам ар кандай жаракат алган. Унаадан чыккан өрт саат 17:40да чектөөгө алынып, саат 17:55те толук өчүрүлгөн. Жабыркаган жаранды куткаруучулар тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Кант шаардык ооруканасына жаткырылган, ал эми 2 жаран Бишкек шаардык ооруканага жаткырылган аты жөндөрү такталууда.

Сейсмологиялык абал боюнча

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 17:17де Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Жалал-Абад жана Ош облустарынын, Соку-Таш, Беш-Бадам, Ак-Тоок, Фрунзе, Октябрское айылдарында 5 балл, Кызыл-Октябрь, Карача, Советское, Бешик-Жон, Базар-Коргон, Бостон, Благовещенко, Багыш, Михайловка, Кара-Чолок, Сары-Булак, Карамарт, Көк-Жаңгак айылдарында 4,5 балл, Жалал-Абад шаары, Масы, Сузак, Гелеген, Таран-Базар, Кара-Алма, Саты, Жоон-Күнгөй айылдарында 4 балл, Майлуу-Суу, Өзгөн, Шамалды-Сай, Кара-Суу айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. 

КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

     Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 19 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 22 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган (Бишкек шаарында 2, Ош шаары 1, Жалал-Абад облусунда 4, Баткен облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2, Талас облусунда 2, Чүй облусунда 2, Ош облусунда 5 өрт кырсыгы катталган).

 

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек шаары
1.                28-ӨКБ

1 06:58 07:13 07:34 07:58 08:14 Ленин району, Орто-Сай айылы, Асанбаев көчөсү, турак үйдүн 10 ч.м. уктоочу бөлмөсү жана үй эмеректери күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
2.                2-ӨКБ

1 12:22 12:31 12:50 14:55 15:15 Свердлов району, Великолукская көчөсү, короодо жыгач устундуу шифер менен жабылган аянты 25 ч.м. бастырма жана 15 куб отун күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
Ош шаары
3.                85-ӨКБ

1 08:58 09:00 09:05 09:16 09:48 Ош шаары, Аскар Шакиров көчөсү, “Рус-Ай” кафесинин электр калканы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
Ысык-Көл облусу
4.                31-ӨКБ

1 10:55 11:05 11:40 11:55 12:30 Чолпон-Ата шаары, Бейшеналиева көчөсү, короодо 1 тонна жыйлган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: балдардын от менен шоктугу.                                                                                                                                                                                                                                                                                                      1ствБ
5.                37-ӨКБ

1 14:55 15:05 15:18 15:40 16:23 Тоң району, Кажы-Сай айылы, Курчатов көчөсү, короодо жыйылган 50 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: балдардын от менен шоктугу. 1ствБ
Ош облусу
6.                13-ӨКБ

1 07:08 07:17 07:23 07:48 08:22 Кара-Суу району, Шарк айыл аймагы, Фуркат айылы, Омаралиев көчөсү, жыгач устундуу шифер менен жабылган мал сарайдын 24 ч.м.  чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
7.                64-ӨКБ

1 17:19 17:36 17:56 18:20 18:57 Араван району, Чек-Абад айыл аймагы, Кочубаев айылы, Бай-Тобу көчөсү, эки кабаттуу  мал сарайдын 35 ч.м. жыгач устундуу шифер жабылган чатыры жана 50 боо жүгөрүнүн сабагы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
8.                64-ӨКБ

1 б.

1 б.

1 20:05

20:20

 

20:36

21:05

20:56 22:15 00:22

 

23:40

Араван району, Керме-Тоо айыл аймагы, Соколок айылы, Теңизбаев көчөсү, жалпы аянты 190 ч.м. болгон эки кабаттуу турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ
9.                ӨКБ-64

1 00:34 01:00 01:15 01:30 02:00 Араван району, Тепе-Коргон айыл аймагы, Араб айылы, М.Артыков көчөсү, турак үйдүн 30 ч.м. бир бөлмөсү жана үй эмеректери күйгөң. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
10.           ӨКБ-102

1 02:04 02:24 02:26 02:51 03:33   Кара-Суу району, Кашкар-Кыштак айыл аймагы, Мөнөк айылы, Баймырза көчөсү, турак үйдүн 16 ч.м. 1 бөлмөсү жана үй-буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
Жалал-Абад облусу
11.           94-ӨКБ

1 15:58 16:02 16:03 16:12 16:42 Кара-Көл шаары, Чон-Таш айылында 06 кВ электр мамычасынын башы куйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска чагылышы. 1ствБ
12.           55-ӨКБ

1 18:12 18:22 18:26 19:01 19:46 Ноокен району, Масы айыл аймагы, У.Карабаев көчөсү, турак үйдүн 8 ч.м. чатыры жана 30 түк саман күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ
13.           ӨКБ-97

1 21:35

22:14

21:45

22:25

21:50 22:55 23:00

23:13

Токтогул району, Жаңы-Жол айыл аймагы, Бала-Чычкан айылы, Ыманалы көчөсү, жыгач устундуу шифер менен жабылган жалпы аянты 96 ч.м. сарайдын чатыры жана 300 боо чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ.
14.           65-ӨКБ

1 02:17 02:25 02:33 03:25 03:39 Сузак району, Сузак айыл аймагы, Сузак айылы, Авган бак көчөсү, турак үйдүн короосундагы жыгач устундуу шифер менен жабылган жалпы аянты 80ч.м. болгон бастырманын 8ч.м.  чатыры жана 2 куб жыйылган тезек күйгөн. Себеби: мештерди пайдаланууда өрт копсуздугу эрежесинин бузулушу. 1ствБ
Чүй облусу
15.           27-ӨКБ

2 08:11 08:27 08:33 09:11 09:54 Ысык-Ата району, Дмитриевка дачасы, Вишневая көчөсү, чөп жыйноочу бастырманын ичинде 150 даана беде түк күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу. 1ствБ
16.           27-ӨКБ

17:10 17:30 17:40 17:55 19:42 Ысык-Ата району, Бишкек-Нарын-Торугарт айланып өтмө жолунун болжол менен 19-20 чакырымында УАЗ автоунаасы менен Тойота Ипсум жеңил автоунаасы кагышып, УАЗ унаасынан өрт чыгып 3 адам каза болуп, 6 адам ооруканага жеткирилген. 1ствБ
Талас облусу
17.           100-ӨКБ

1 12:16 12:25 12:33 13:10 13:45 Манас району, Покровка айылы, Садовое көчөсү, токойдун жээгинде 30 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
18.           17-ӨКБ

 

04:52 04:56 05:25 06:15 06:45 Талас шаары, Токтогул көчөсү, азык-түлүк дүкөнүнүн 21 ч.м. кампасы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Баткен облусу

19.           62-ӨКБ

1 00:26 00:38 00:45 00:58 01:17 Кызыл-Кыя шаары, Караван айылы, Миң-Булак көчөсү, үйдүн бөлмөсүндө курулан мештин моорунун тегереги түтөп 1 килем күйгөн. Өртүн себеби: жылытуучу мешти туура эмес колдонуудан өрт  чыккан. кол

кржт.

 

Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болгон (2 жол кырсыгы).

катар № Аймак боюнча чыгуу саны Бөлүктүн аталышы Убактысы Маалымат берилген булак  

Дареги, маалыматы, өзгөчө кырдаалдын

келип чыгуу себеби, келтирилген материалдык чыгымдар

Эскертүү
чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

ордуна кайтып келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8

9

Ысык-Көл облусу

1 1 КР ӨКМнин

№15 ӨКБдан

19:08 19:36 20:35 Жети-Өгүз районунда Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 205-чакырымында (Жети-Өгүз айылы) «Ауди-80» унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1 аял киши каза болуп 1 эркек киши жаракат алган. Куткаруучулар жабыркаган жааранды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.4 куткаруучу тартылган  

Жалал-Абад облусу

2 1 КР ӨКМнин

№58 ӨКБдан

17:20 17:45 19:15 Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагындагы Жалгыз-Жаңгак айылында 2004-ж.т. бала электр мамычасынан секирип өз өмүрүн кыйууга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Куткаруучулар аталган жаран менен сүйлөшүлөр жүргүзүлүп өз өмүрүн кыюудан сактап калышкан. Жерине 5 куткаруучу тартылган.  

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here