ӨКМ: Тилсиз жоодон жабыркаган мектепке эки бөлмөлүү мобилдүү үй жеткирилди

0
287 просмотров

2021-жылдын 17-ноябрында өрттөнүп кеткен Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагынын Чет-Булак айылындагы №8 М.Абдыжапаров атындагы орто мектепке, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 1 даана, эки бөлмөлүү мобилдүү үй жеткирилди. Өрт кырсыгы болжол менен электр жабдууларын пайдаланууда техникалык эрежелердин бузулушунан улам келип чыккан. Өрттүн кесепетинен жалпы 468 м2 түзгөн имарат толугу менен күйүп кеткен жана 1,5 млн. сомдук материалдык чыгым келтирилген. 2021- жылдын 18- ноябрында Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагынын Чет- Булак айылындагы № 8 М.Абдыжапаров орто мектебинде жыйын болуп өттү. Жыйынга ӨК министринин орун басары У.Шамырканов жана ӨК министринин кеңешчиси А.Жээналиев жана бир катар райондук адмнистрация өкүлдөрү катышты. Жыйын учурунда 2-имаратында окуу улантылып жатканы, өрттөнгөн имарат болжолдуу түрдө электр жабдууларын пайдаланууда техникалык эрежелердин бузулушунан улам келип чыккандыгы айтылган. Имарат ичиндеги электр жабдууларын жана кышкы жылытуу от казандарды өрт коопсуздук эрежелерин сактоо менен пайдалануу көрсөтмөсү берилди.

Азыркы учурда 2-корпуста кошумча класстар даярдалып, окуу процесси үзгүлтүкө учураган жок.

— Мектеп көмүр менен толук камсыз болгон. Учурда окуучуларды ысык тамак менен камсыз кылуу, экинчи корпустун ичинде, кичирээк бөлмөдө жүргүзүлүп жатат. ӨКМ тарабынан кошумча 40 тонналык мобилдүү үй убактылуу колдонууга берилди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here