Бишкек: Өрт тактикалык машыгуу

0
293 просмотров

19-ноябрда «Скай Мобайл» ЖЧКсында (Beeline соода маркасы) өрт болгон учурда адамдарды эвакуациялоонун коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле өрттү өчүрүү боюнча практикалык көндүмдөрдү машыгуу өткөрүлдү.

Машыгуунун максаты кызматкерлердин өрт коопсуздугу боюнча маалымдуулугун жогорулатуу, өрткө каршы жүрүм-турум жана өрт өчүрүүчү алгачкы жабдууларды колдонуу боюнча кеңири маалымат берүү болуп саналат.

Машыгууга жалпысынан КР ӨКМнин 1 өрт өчүрүү бөлүмү, Бишкек шаарынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары жана ыкчам топ тартылып, имараттан 300дөн ашык адамды эвакуацияланды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here